Махабат дастаны

Википедия дан
Махабат дастаны
Жанры

Драма

Режиссёру

Дооронбек Садырбаев

Сценарийдин
автору

Чыңгыз Айтматов Дооронбек Садырбаев

Башкы ролдордо

Асел Эшимбекова
Тууганбай Абдиев
Советбек Жумадылов
Болот Бейшеналиев
Марат Казаков

Оператору

Үсөн Жеентаев

Композитору

Түгөлбай Казаков

Кинокомпания

Кыргыз телестудиясы[1]

Узактыгы

80 мүнөт

Бюджети

310 миң руб.

Кирешеси

42 миллион руб.[2]

Өлкө

СССР желеги СССР

Тили

Кыргызча
Казакча

Жылы

1984

«Махабат дастаны» - Тасманын башкы идеясы Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы Раймаалы ага менен Бегимай жөнүндөгү уламыштын негизинде жаралган[3].Бирок тасма тартылып бүткөн соң, киносынчылар тарабынан эскини эңсеген тасма катары бааланып, элге көргөзүлбөй келген. 1985-жылы октябрь айында алгач «Махабат дастанынын» премьерасы «Ала-Тоо» кинотеатрында көргөзүлгөн. Бул премьерадан кийин режиссёрдун аты таанылып, Асел Эшимбекова заматтын ичинде киножылдызына айланган. Текст песни Ыраймаалы менен Бегимай - Махабат Дастаны


Каректен нурун тогулуп, Каткаттап ойун бөлүнүп. Кайгыга салдын, карындаш Мен картайган кезде көрүнүп

Мөлтүр күндөр мөлтүрөп өскөн кезде Тоо булагын тамшана ичкен кезде Самал желмен тербелген тал кайыңдар Бак ичинде мен сени күткөн кезде

Махаббатым сизге арналады Махаббатым сизге, тагдырым да сизге арналады

Ууртундан күлкүн төгүлүп Угулуп санам согулуп Убайга салдың аганды да Мен улгайган кезде көрүнүп

Бал аралар гүлдөргө коңгон кезде Алатоодон бал чөбүн соргон кезде Кусалыктан кунарып ак жүзүңүз Арабыздан көп күндөр өткөн кезде

Махаббатым сизге арналады Махаббатым сизге, тагдырым да сизге арналады

Бөлүңүп толгон ай белен Болжойуп күтчү жай белен Бой тумар сындуу периштем да Мен боз кулан кезде кайда элең

Көңүлүңө гүл сыйлар көктөм кезде Көздерүңдө кирпигиң өткен кезде Эң алгачкы жолуккан кезтегидей Асмандагы алтын ай толгон кезде

Махаббатым сизге арналады Махаббатым сизге, тагдырым да сизге арналады.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул тасманын өзөгүн жашы 60ка жакындап калган Раймаалы ага менен 19 жаштагы Бегимайдын махабаты түзөт. Баш каарман Раймаалы эл оозуна алынып, ырчылык өнөрдү аркалаган ак таңдай акын болот. Бүт өмүрүн жалаң ырга арнаган Раймаалы ага жеке турмушун ойлобой жүрүп, жашы кантип 60ка чукулдап калганын да сезбей калат. Карыганда үйдөн же үйбүлөдөн жок Раймаалы аганы Баракбай тукумуна хан көтөрүлгөнү жаткан бир тууган иниси Абдилхан өз колуна алат. Раймаалы ага үйдө камалып отура албай, адатынча Сарала атын минип алып, аш-тойлорду дагы эле калтырбайт. Ошондой тойлордун биринде акындын талантына таазим кылып, беттешүүнү күтүп келген казак кызы Бегимай экөөнүн ортосунда ашыктык оту жанып,экөө өнөр сынаша, махабат айтышын ырдашат. Андан соң кийинки жарманкеде беттешмей болушат. Курчап турган элдин кээси суктанып көзүнө жаш алышса, кээси «ал­жыган чал карыганда калжаңдап...» дешип жаман көрүшөт. Баракбайдын бүтүндөй тукуму намыстанышып, Абдилхан башында турган жакын туугандары Раймаалынын жарманкеде Бегимай менен айтышуусуна каршы чыгышат. Раймаалынын көзүнчө комузун ташка чаап, атын мууздап, ал эми өзүн бакка аса байлап салышат. Акырында байланган бакка от коюлуп, Раймаалы менен бирге махабаттын кулу болгон жаш сулуу Бегимай да өз каалоосу менен күлгө айланат.Тасманын негизги мазмуну махабатты даңазалайт жана ошондой эле сүйүү жашка карабасын баяндайт.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль
Асел Эшимбекова Бегимай казак акыны Бегимай
Тууганбай Абдиев Раймаалы кыргыз акыны Раймаалы
Советбек Жумадылов Абдилхан Абдилхан
Болот Бейшеналиев Жалман ата көзү сокур аксакал Жалман ата
Марат Казаков Жалман аксакалдын небереси
Ашыр Чокубаев
Досумбаев, Күнболот
Жамал Сейдакматова Бегимайдын апасы
Орозбек Кутманалиев Раймалынын тууганы
Түрсүн Темиркулов
Асанкул Куттубаев Бегимайдын атасы
Эдилбек Чокубаев
Түрсүн Чокубаев

Тасманын тартылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач сценарий боюнча сүйүшкөндөр комуз менен айтышышмак. Бирок, «баштан-аяк эки комуз таңшый берсе, европалыктар түшүнбөй калат» деген Түгөлбайдын сунушу боюнча бирин кыргыз, бирин казак кылышып, домбра менен ырдатууну чечишет.Эми режиссёр үчүн Раймаалы менен Бегимайды табыш өтө кыйынга турат. Дооронбек Садырбаев менен Түгөлбай Казаков колуна домбрасы жарашкан казактын кызын издеп, казак элине жөнөшөт. Далайын сындан өткөрүп жатышып, акыры издегендерин табышат. Өңү серт, узун моюн бир келинге кезек жетип, домбра менен созолонто ырдап кирет. Бул 28 жаштагы Калемкас Орошова аттуу казак кызы дароо эле Дооронбектин купулуна толот. Ошол күнү эле Калемкаска «киного сизди тартпайбыз, үнүңүздү эле алабыз, ырдап бериңиз» деп суранышып, макулдугун алышат. Ошентип, Бегимайдын ырларын казакчага которушуп, Калемкаска беришет. Ал эми Раймаалынын үнүн табыш да оңойго турбайт. Режиссёр Раймаалынын жашына төп келген ырчыны издеп таппай, акыры Эстебес Турсуналиевге келип токтойт. Ошентип, «Махабат дастанында» Бегимай – Калемкас Орошованын үнү менен ырдаса, Раймалы – Эстебес Турсуналиевдин үнү менен ырдалат. Эми үндөр даяр болгон соң, Бегимайдын ролун ойноого Алматыдан, Өзбекстандан, өзүбүздөн нечендеген кыз-келиндер келишип. Сынактын негизинде Асел Эшимбекова тандалып алынат. Кыргызча бир ооз сөз билбеген, өмүрү комуз кармап көрбөгөн 10-класстын окуучусу Аселге комузду карматып, фонограмма менен ырдоону үйрөтүү башталат. Раймаалынын ролун аткарууга камданып жаткан Советбек Жумадылов Абдилхандын ролун аткарып, Ал эми Раймаалынын образын Тууганбай Абдиев жаратмай болот. Мында «Тууганбай «кызымдай болгон кызды кантип сүйөм, кантип суктанам?» деп жатып араң ошол сүйүүнү тартканбыз» дейт кинонун режиссёру. Ошентип, кино 1983-жылы июнь-июль-август айларында эчак эле тандалган Арсланбаптын Кызылүңкүрүндө тартылат. Ошол жылы ал жерге бир тамчы да жаан жаабай, атайын суу ташыгыч машина күн сайын жерди, бак-дарактарды сугарып турган экен. Ал эми катар-катар боз үй тигип, шаан-шөкөт өткөрүүгө жергиликтүү эл, тиешелүү акимчиликтер чоң жардам көргөзүшүптүр.

Тасманын жаралуу тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Махабат дастаны» тасмасынын башкы идеясы Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» романындагы Раймаалы ага менен Бегимай жөнүндөгү уламыштын негизинде жаралган. Дооронбек Садырбаев кыргыз элинин, тилинин тагдыры, каада-салты, кереметтүү комузу жөнүндө кино тарткысы келип жүргөндө бул сценарий өзүнөн-өзү пайда болгон. Бир күнү Дооронбек Садырбаев, Түгөлбай Казаков, Тургун Бердалиев болуп мейманканада сүйлөшүп отурушуп, капысынан бир жаш кыз менен таанышып калышат. Дооронбекке ал кыз жагып калдыбы, айтор, ошондо ал комузун ала Раймаалынын Бегимайга арнаган ырын ырдап кирет. Кеп андан ары козголуп отуруп, Дооронбекте уламыштын негизинде кино жаратуу идеясы пайда болот. Ушул окуядан көп өтпөй режиссёр көпкө изденүү менен уламышка турмуштук эпизоддорду киргизип, окуялуу кылып кайрадан иштеп чыгат. Ал убакта тасма тартуу үчүн атайын Москвадан барып уруксат алуу керек эле. Дооронбек Садырбаев буга да жетишкен

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз кино маданиятына чоң жаңылык алып келген бул тасманы тартууга жалпысынан 310 миң рубль жумшалган. Бирок, киреше катары прокаттан эле 42 миллион рубль түшкөн[4]. Минскиде өткөн кинофестивалда эң мыкты режиссура деп табылган. Бегимайдын ролун ойногон Асел аялдардын образын эң мыкты аткарганы үчүн 500 рубль өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланган. Тасма чыккандан кийин Дооронбек Садырбаевдин калемине таандык «Кайгырттың мени эркетай, картайган кезде көрүнүп» деген ырына 36 обончу 70ке жакын обон чыгарышып, алардын айрымдары азыркы күнгө чейин ырдалып келет.

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]