Тянь-Шань, тоо системасы
Тянь-Шань ![]() | |
Жалпы маалымат | |
Өлкөлөр: | Кыргызстан ![]() ![]() ![]() |
Эң бийик чокусу: | Жеңиш чокусу (7439м) |
Узундугу: | 2500км |
Тянь-Шань картада ![]() |
Тянь-Шань (Кытайча|天山山脈|天山山脉|Tiānshān shānmài, уйг.|تەڭرىتاغ}}|Тәңри тағ, каз.|Тәңір шыңы, Тәңір тау, өзб.|Tyan Shan) — Борбордук Азиядагы Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытай чек араларында жайгашкан тоо системасы.
Аталыштын пайда болушу[оңдоо | булагын оңдоо]
Тянь-Шань аталышы кытай тилинен (天山) «асман тоолору» дегенди билдирет. Түркчө аталышы — Тәңір (Тенгри, Тенир, Тенгир, Аспан)- тау.
Географиялык сүрөттөлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]
Тянь-Шаняь системасына бийиктиги 6000 метрден ашкан чокулар кирет. Тоо системанын эң бийик чокусу болуп Кыргыз жана Кытай чек араларында жайгашкан Жеңиш пиги эсептелет (Томур, 7439м); андан кийин бийиктиги боюнча — Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы Хан-Теңгри чокусу турат (Кантау, 7010м). КЭР, Кыргызстан жана Казакстан өлкөлөр арасында Хан-Теңгри пиги бул үч малекетке тең тңиешелүү экендиги тууралуу биргелешкен келишим кабыл алынган.Буга чейин чокунун бул же тигил мамлектке тиешулүү деген талаш-тартуулар пайда болуп келген. Ошондой болсо да, пик Кытайдын батыш чек арасынан 12 км аралыкта жайгашкан. [1].
Борбордук Тянь-Шандан батышты карай өрөөндөр менен бөлүнгөн(Ысык-Көл көлү, Ат-Башы ж.б.өрөөндөр ) үч тоо кыркасына ажырап кетет да батыштан биригет (Фергана тоо кыркасы).
Чыгыш Тянь-Шанда эки параллелль тоо кыркасы (бийиктиги 4-5 миң м.) өрөөндөр менен бөлүнгөн (бийиктиги 2-3 миң м.).Мөңгүлөрдүн жалпы аянты- 7,3 миң км², эң чоңу Түштүк Эңилчек.
Батыштан чыгышка карай Тянь-Шандын узундугу 2500км.
Тянь-Шанды изилдөө[оңдоо | булагын оңдоо]
Тянь-Шанды изилдеген биринчи европалык окумуштуулардан болуп Пётр Петрович Семёнов эсептелет (1856 ж.). Бул эмгеги үчүн ал «Семёнов-Тян-Шанский» деген наамды алган.)
Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- Перевалы Тянь-Шаня
- Тянь-Шань в книге: Н. А. Гвоздецкий, Н. И. Михайлов. Физическая география СССР. М., 1978.
- Именем Путина назван пик в Тянь-Шане