Мазмунга өтүү

Убукеев Мелис

Википедия дан
Убукеев Мелис

Таланттуу кинорежиссер, манастаануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл артисти - Убукеев Мелис Айткулиевич 1935 жылы 17 апрелде Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн, 1996 жылы 27 июлда дүйнө салган.

М. Убукеевдин "Тайгак кечүү"тасмасы, кыргыз кинорежисеру тарткан, туңгуч толук метраждуу көркөм тасма болуп эсептелет.

М. Убукеев "Манас" эпосуна терең кызыгып толук кандуу көркөм тасмага бел байлагандыгы менен белгилүү. Бир нече жылдар бою Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы менен кызматташып улуу эпос боюнча материал чогулткан. Бирок көркөм тасманы тартууга жетишпей дүйнө салган. "Манас" дүйнөсүнүн ачкычы катары манасчылардын чыгармачылыгына кайрылып 1962-ж. үч бөлүктөн турган "Саякбай Каралаев" аттуу атайын тасмасында, ошондой эле 1988-ж. жарык көргөн "Улуу манасчы(жеткиликсиз шилтеме)" аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу тасмасында уланткан.

Мелис Убукеев Таттыбүбүнү алгач байкап, атайын айылына барып, аны актердук билим алып, чыгармачылык жолуна түшүүгө ынандырган.[1] Кийин Т. Турсунбаева "Ак-Мөөр" тасмасында Ак-Мөөрдүн ролун ойногон.

1961 ж. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факултетин бүтүргөн.
1965 ж. ВГИКти (Бүткүл Союздук Кино Институту) Сергей Герасимовдун өнөрканасын бүтүргөн.
1972 ж. "Казахтелефильм" киностудиясынын режиссеру.
1974 ж. "Кыргызтелефильм" киностудиясынын режиссеру.

Тайгак кечүү кинотасмасы
  • 1964 ж. "Тайгак кечүү" Кыргызфильм.("Белые горы" башкача аты "Трудная переправа") - 1964 ж. М. Убукеевдин дипломдук иши. Аталган тасма М. Элебаевдин "Узак жол" чыгармасынын негизинде тартылган, кыргыздардын 1916 жылкы кайгылуу тагдырын чагылдырган. Тасма 1965 ж. Алматыда өткөн бүткүл союздук Орто-Азия жана Казахстан өлкөлөрүнүн кинофестивалында 1 даражадагы Диплом менен сыйланган. Бул тасмада аялдын оюнун жараткан Бакен Кыдыкеева, эң мыкты аялдын оюну үчүн баш байгесин утуп алган.
  • 1969 ж. "Ак-Мөөр". Кыргызтелефильм. 1970 ж. Башкы оюнду жараткан - Т.Турсунбаева. Ленинградда өткөн бүткүл союздук кинофестивалдын Байгеси менен сыйланган.
  • 1977-1978 жж. "Көрөгөч" сатирикалык тележурналынын 7-сериясын чыгарган.
  • 1981-ж. "Элеттик роман" (Провинциальный роман)
  • "Акын" (Алыкул Осмонов жөнүндө)
  • "Жили-были"
Улуу Манасчы даректүү тасмасынан

Эскерүү иретинде тартылган даректүү тасмалар (авторлору Леонид Дядюченко жана Саида Садыкова):

  • "По следам Барс–бега"
  • "Глазами Мелиса"
  • "О, великая степь"

Кызыктуу фактылар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Мелис Убукеев Ормон хандын 4 муундагы урпагы.
  • Бабасы Сейилкан убагындагы эң алдыңкы комузчулардын бири болгон.
  • Өз атасы Ибрагимов Сейдекерим 1937-жылы Тажикстандагы партиянын шаар комитетинин биринчи секретары болуп иштеп туруп, манап тукумунан болгондугуна байланыштуу репрессияга кабылган.
  • Энеси Галия Ибрагимова 1940 ж. жазуучу Айткулу Убукеевге турмушка чыгат. Мелис Айткулу Убукеевдин фамилиясын алат.
  • 1950 жж. Сейдекерим Ибрагимов расмий акталгандан кийин, Мелис Убукеев атасынын туулган жери Кочкорго келип туугандары менен таанышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кинопоиск

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Б. Шамшиев. Т. Турсунбаеванын 70 жылдык юбилейинде сүйлөн сөзүнөн.