Унковский Иван

Википедия дан

УНКОВСКИЙ Иван – 18-кылымдын башында орус падышасы Пётр Iнин Жуңгар ханы хонтайжы Цеван Рабданга жиберген элчиси, артиллерия капитаны. 1721-жылы Петербургда Петр I Цеван Рабдандын орус падышасынын букаралыгына өтүүнү каалаганын билдирген жуңгар элчиси Борокурганды кабыл алган. Цеван Рабдан менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Унковский жөнөтүлгөн.

Петр Iнин атайын указына ылайык, ал жуңгар башчысынан бир нече чеп куруу үчүн ыңгайлуу, өзгөчө «кен байлыктарды табууга жана Сибирь менен байланыштарды түзүүгө» мүмкүн болгон жерлерге уруксат алууга жана ал жердин картасын түшүрүүгө тийиш болгон. Курамы 57 кишиден турган элчилик 1722-жылы Цеван Рабдандын ордосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок Борбордук Азиядагы тышкы саясий абалдын Жуңгар хандыгынын пайдасына өзгөрүшү Унковскийдин миссиясынын орундалбай калышына алып келген.

Цеван Рабдандын элчини жергиликтүү калк менен байланыштырбоо аракетине карабастан, Унковский Борбордук Азиянын көптөгөн элдери, анын ичинде кыргыздар жөнүндө маалыматтарды чогултууга жетишкен. Калмактар жай айларын Ысык-Көлдө өткөрүшчү. Жуңгар башчысы менен бирге Унковский Кыргызстанга келген. Каркыра, Түп, Жыргалаң дарыялары аркылуу өтүшкөн.

Өзүнүн «Жол китебинде» кыргыздар (буруттар) тынымсыз Жуңгар ордосуна кол салып турушкандыгын, ысыккөлдүк кыргыздар 3 миңге чейин мыкты колду чогулта ала тургандыгын, баары биригип алар 500 боз үйдү, башкача айтканда болжол менен 25 миң кишини түзөрүн белгилеген.

Унковскийдин буйругу менен элчиликтин мүчөсү «геодезия адиси» Григорий Путилов тарабынан Түп, Жыргалаң дарыялары аркылуу Чыгыш Ысык-Көлгө кетүүчү маршруттун, Ысык-Көлдүн өзүнүн («Тускөл»), Чүй дарыясынын жана кыргыз конуштарынын жайгашуусу так түшүрүлгөн. 3 карта чийилген. Бул Кыргызстан аймагынын эң алгачкы графикалык чиймеси болгон.

Россияга кайтып келгенден кийин Унковский мамлекети акчаны коромжуга учураткандыгы үчүн айыпталган. Кийин кызматын уланткан. Анын жазгандары бир жарым кылым бою белгисиз калган. 19-кылымда гана Орус географиясынын коомунун анык мүчөсү Н. И. Веселовский илимий чөйрөгө тааныштырган.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]