Химба

Википедия дан
Химба
Учурда жайгашкан ареалы жана саны

Бардыгы: 20 000-50 000
Намибия

Тили

отжихимба, гереро диалекти

ХимбаНамибиянын түндүгүндө Кунене аймагында жашаган эл (саны 20 000 - 50 000 адам[1]).

Химба - отжихимба тилинде дана гереро тилинин диалектинде сүйлөгөн, гереро элинен тараган көчмөн эл (англ. Otjihimba).

Ата теги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химба (гереро эли менен бирге) бир нече жыл мурун чыгыш Африкадан Намибияга көчүп келишкен. Болжол менен 150 жыл мурун, гереро химба элинен бөлүнүп, түштүккө көчүшкөн.

Чарбачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химба эли бодо малдарды, эчкилерди жана койлорду кармашат. Уйларды саашта аялдар жооптуу. Аялдар балдарды да карашат (бир аял экинчисинин балдарын багып же аларга көз салып да турушат). Мындан тышкары, аялдар эркектерге караганда оор жумуштарды да аткарышат: суу ташуу, үй салуу ж.б. ушул сыяктуу жумуштар[2].

Үй-жайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химба элинин салттуу үйү

Химба үйлөрү конус сымал формада жаш бактардын бутактарынан курулуп, кийин сырты ылай жана кык менен шыбалат[2].

Дини[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химбалар өздөрүнүн салттуу ишенимдерин, анын ичинде ата-бабаларга сыйынууну жана тирүү дүйнө менен акыреттин ортосундагы маанилүү байланыш катары эсептелген ыйык отко (окоруво) байланышкан ырым-жырымдарды сактап келишет. Химба уруусунун башчысынын көзү тирүү учурунда ыйык деп эсептелген от өчүрүлбөстөн, дайыма күйүп турат. Уруу башчы өлгөндө, анын үйү толугу менен талкаланып, от өчүрүлөт. Анын үй-бүлөсү түнү бою бул элдин үрп-адаттына байланышкан аза бийлерди аткарышат. Уруу башсычын акыркы сапарга узатуу аземинин алдында бардыгы ага: «Karepo nawa» деп айтышат, аны «ооруп калба» деп которсо болот (Henrica von der Behrens 2003: 64).

Химба элинин дини монотеисттик динге кирет. Эң жогорку кудайы Мукуру деп эсептелет, бирок ата-бабаларынын арбактары да маанилүү ролду ойнойт. Мукуру бата гана бере алат, ал эми ата-бабаларынын арбактары бата да бере алат жана каргап коё алат деген ишенимдер бар[3].

Ар бир Химба уруусунун үй-бүлөсүнүн үйүндө, ыйык от куйуп турчу орундары бар жана алар ар бир 7-8 күн сайын ата теги менен болгон байланыштуу үзбөө максатында — ата-бабаларынын арбактарына, Мукуруга сыйынышып ырым-жырымдарын кылып турушат[4]. Химба элинин ишеними боюнча, бул эл Мукурунун жердеги өкүлдөрү болуп саналат, анткени Мукуру тигил дүйнөдө башка иштер менен алек деген ишенимдери бар[3].

Химба ишениминин дагы бир маанилүү бөлүгү — бул башкаларга көз байлоочулук кылуу[5] менен жаман ойлорго же жаман иштерге түрткү бере алган дубалар бар деп эсептешет. Бул дубаларды омити деп аташат[6].

Кээ бир Химба элинин өкүлдөрү өлүм негизги себеби катары омитини эсептешет[7] жана мындай көз байлоочулук ырым-жырымдар жакын адамдары тарабынан жургузолот деп божомолдошот[8].

Көп учурларда, Химба омитинин булагын аныктоо үчүн жергиликтүү табыптарга жардам сурап кайрылышат[4].

Кийимдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химба кызы

Химбалар үчүн чач жасалгасы, кийимдери жана зер буюмдары салттуу маданиятында маанилүү орунду ээлейт. Жада калса жаңы төрөлгөн ымыркайларга бермет мончок тагышат, ал эми улуураак балдарга үлүл түспөлдүүлөрдүн кабыгы менен менен кооздолгон жез билериктерди тагышат[2] .

Химба китептин мукабасында

Химба аялдары эчкинин терисинен жасалган белдемчилерди кийишип, үлүл түспөлдүүлөрдүн кабыгы менен кооздолгон жана жезден жасалган зер буюмдарды колдонушат. Эркектери да, аялдары да күндөн коргоону үчүн денесин охра, май жана күлдүн аралашмасын денесине сыйпап турушат. Бул аралашмага көбүнчө омузумба бадалынын жыпар жыттуу чайыры да кошулат (Klaus G. Förg 2004: 145). Бул аралашма адамдын терисине кызыл түс берет жана жашоону белгиси болгон канды чагылдырат[2].

Аялдар бири-биринин чачын өрүп, ошондой эле бул аралашма сыйпашат. Аялдын чач жасалгасынан анын үй-бүлөлүк абалын аныктоого болот. Эркектердин чач жасалгасы да үй-бүлөлүк абалын чагылдырат. Мисалы, үй-бүлөлүү эркектер селде кийип жүрүшөт.

Химбалардын дээрлик заманбап кийимдери жок, бирок заманбап кийимдерди сатып алып калышса, мындай кийимдерди эркектери кийишет.

Заманбап тиричилик буюмдарынын ичинен, Химба буюмдарын жана жасалгаларын сактоо үчүн желим бөтөлкөлөрдү жана желим баштыктарды гана колдонушат[2].

Уруулук түзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химба эли жашаган аймактын катаал климатынын жана сырткы дүйнөдөн обочолонгон жерлерди байырлашы — бул уруунун салттуу жашоо образынын өзгөрбөстөн сактылып калышына жакшы шарт түзгөн.. Химба эли билатералдык ата тегин сүрүштүрүүдө негизделген түзүмдө жашашат.

Билатералдык ата тегин сүрүштүрүү боюнча уруунун ар бир мүчөсү эки урууга кирет: ата тарабынан (патриклан) жана эне тарабынан (матриклан). Урууларды эң улуу аксакалдары башкарат. Уулдары ата-энесинин уруусунда (клан) жашашат, кыздары турмушка чыккандан кийин күйөөсүнүн уруусуна кетишет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1800-жылдардын орто ченинде химбалар нама уруусу тарабынан чаап алынып, чарбалары талкалангандыгын негизинде аңчылык кылууга аргасыз болушкан. Бул окуяларга байланыштуу, химба жердоңуз жаныбарынын атынан келип чыккан тжимба аталышын алган.

Көптөгөн химба Анголага көчүп барышып, алар «кайырчы» деген маанини билдирген овахимба деген аталышты алышкан. Химбанын башчысы Вита да уруудан чыгып кеткен. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, химба эли кайрадан Намибияга көчүп барган.

1904-жылы химба Лотар фон Трота башында турган немистердин колониялык бийлиги тарабынан геноцидге дуушар болгон. Бул бийлик айрыкча гереро жана намаларды кырган.

1980-жылдары катуу кургакчылыктан химбанын малдарынын 90% жуттан өлгөн. Бул окуялардын себебинен улам химбалар уруусунан чыгып, Опуво шаарына качкын катары кетишкен.

1990-жылдары химбалар уруулук түзүмүн кайрадан калыбана келтире башташкан. Азыркы учурда Намибиянын өкмөтү химба уруусунун балдары үчүн көчмө мектептерди уюштурган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. National Geographic
  2. 2.0 2.1 2.2 2.3 2.4 Химба уруусу жөнүндө (орусча)
  3. 3.0 3.1 Crandall, 2000, 188-бет
  4. 4.0 4.1 Crandall 2000, 47-бет
  5. Crandall 2000, 33-бет
  6. Crandall 2000, 38-бет
  7. Crandall 2000, 66-бет
  8. Crandall 2000, 67-бет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Crandall, David P. The Place of Stunted Ironwood Trees: A Year in the Lives of the Cattle-Herding Himba of Namibia (англ.). — New York: Continuum International Publishing Group Inc., 2000. — ISBN 0-8264-1270-X.
  • Peter Pickford, Beverly Pickford, Margaret Jacobsohn: Himba; ed. New Holland Publishers (UK) Ltd, 1990; ISBN 978-1-85368-084-7
  • Klaus G. Förg, Gerhard Burkl: Himba. Namibias ockerrotes Volk; Rosenheim: Rosenheimer Verlagshaus, 2004; ISBN 3-475-53572-6 (нем.)
  • Rina Sherman: Ma vie avec les Ovahimba; Paris: Hugo et Cie, 2009; ISBN 978-2-7556-0261-6 (фр.)
  • Henrica von der Behrens // Gartenbau der Himba: ackerbauliche Bodennutzung einer pastoralnomadischen Gruppe im Nordwesten Namibias. Köln.: Institut für Völkerkunde, 2003. P. 64
  • Пинчук В. В. Третья афровылазка (рус.). — Симферополь: Феникс, 2013. — 56 с. — ISBN 978-617-671-039-4.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]