Шаабай Азизов

Википедия дан

Шаабай Азизов[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ШААБАЙ АЗИЗОВ (1927 (1924) - 13.12.2004) Кыргыз Республикасынын Эл артисти ,(1994) «Манас» - 1000» медалынын ээси (1995) ,залкар манасчы Шаабай Азизов Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында манасчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
6-7 жашында Кара-Бөлтөктүн Ак – Марчанынан кой кайтарып жүрүп, Шаабай Жаман-Карагай жактан кыйкырык, сүрөөн, чубаган адамдардын келе жатканын көрөт. Кийин эмне болгонун өзү билбей, эс-учун жоготуп жатып калат. Баягы кой короого келгенден кийин: «Бала эмне болду?» - деп, атасы Азиз, энеси Асылкан издеп чыгып, Кудук деген жерден таап, көтөрүп келишет. Көзүн ачса: «Аксарбашыл, аксарбашыл, көзүн ачты!» - деп, атасы ыйлап, баабедин өткөрүп, кой союп жиберет. Шаабайдын оозу- башы кыбырап, тулку бою оор тартат. Өзүнө келгенден кийин эмнегедир ээлигип, ырдагысы келет. Бирок эл-журттан уялып корунуп жүрө берет. «Баланын бетин ачалы, элден бата алсын» - деп, атасы жакындарын чакырып, Шаабайды кысмакка алышат. Ошондо: «Сени кечке бага беребизби, бол айт!» - деп, кок жорго минген сакалдуу бир карыя адам, «Айт!» - деп, үйгө кирет. Шаабай оозун ачып, айта баштагандыгын бир билет да, андан кийин эмне болгондугу эсинде жок. Ошентип, Шаабай манасчы аталарынын жолун жолдоп, эл ичинде «Манас» айтып калат.

Аткарган кызмат орду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ш. Азизов 1944-1962-жылдарыЫсык-Көл областык драмтеатрында артист болуп иштейт. Ал мезгил ортосунда, 1952- жылы Саякбай Карала уулунун чакыруусу боюнча Ш.Азизов Кыргыз мамлекеттик филармонияга манасчы болуп кабыл алынат. Бирок турак-жайдын жоктугунан улам, манасчы кайрадан Ысык- Көл областык театрына кайтат. 1962-жылдын май айында Саякбай Карала уулунун экинчи жолку чакыруусу боюнча, Ш.Азизов Кыргыз мамлекеттик филармонияга кайрадан келип, артист болуп иштеп калат. Баягы турак-жай маселесинин чечилбегендигинен улам, бир жылдан кийин кайра өз айылына кайтат.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ш.Азизов, 1959-жылыКыргыз Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусуна «Алмамбеттин казактардын Көкчөсүнө келиши», «Көкөтөйдүн ашы», «Эки баатырдын кармашы», «Манастын өлүмү» аттуу, 8368 сап ырдан турган өзүнүн айтуусундагы «Манас» эпосунун ири окуяларын, 1961-жылдын «Манас» эпосунун «Эр Сарык» (Сейтектин уулу) бөлүгүн өз колу менен кагазга түшүрүп, тапшырат.
Кыргыз Илимдер академиясынын атайын өтүнүчү боюнча 1971-жылдын жай айларында, кыргыз элинин белгилүү акын, жазуучу, окумуштууларынын алдында Ш.Азизов бир күн бою өзүнүн вариантындагы «Манас» эпосунун ар кайсы окуяларын айтып берет. Ошол айткандарынын ичинен «Сейтектен» 3 842 сап ыр жазылып алынган.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын, «Манас-1000» Мамлекеттик дирекциясынын демилгеси жана аракети аркылуу, 1995-жылдын апрель айынан тартып, ноябрь айына чейин Ш.Азизовдун вариантындагы «Манас» эпосунун: «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрү толугу менен манасчынын өз оозунан үн тасмага жаздырылып алынат. Тасмага түшкөн манасчынын бул үчилтиги 100 ОООден ашуун сап ырдан турат. 1995-жылы жарыкка чыккан «АлаТоо» журналынын атайын чыгарылышында анын айтуусундагы «Манастын керээзи» аттуу окуясынан 934 сап ырдан турган үзүндү жарыяланган. 2006-жылы жарыкка чыккан «Шаабай» аттуу китепке манасчынын айтуусундагы 1583 сап ырдан турган «Манас» эпосунун «Алмамбеттин жомогу» деген окуясы жарыяланган.
Ун тасмасына түшкөн бул үч бөлүктөн сырткары жана Кыргыз Илимдер академиясына өз колу менен жазып, тапшырган «Эр Сарык» бөлүгүнөн сырткары, манасчы Ш.Азизов «Алымсарык, Кулансарык», «Кененим», «Акаяр», «Акжол баатыр» аттуу «Манас]» эпосунун кийинки бөлүктөрүн да айта алган.
Кыргыз Улуттук телерадио компаниясынын «Алтын казынасына» Ш.Азизовдун айтуусунда «Тал-Чокунун көрүнүшү жана Алмамбеттин жомогу» аттуу «Манастан» узүндү, 1000 метрлик үн тасмасына жазылып алынган. «Казакфильм» киностудиясы тарабынан тартылган «Чокон Валиханов» аттуу төрт бөлүмдүү кинотасмада ал манасчынын ролун аткарат. «Кыргызтелефильм» киностудиясы тарабынан 1985-жылы тартылган «Шайырлар айылы» («Музыкальный аил») аттуу концерттик телетасмада Ш.Азизовдун «Манас» эпосун айтып жаткан учуру чагылдырылган. Манасчылык өнөрдүн өзгөчөлүктөрүн кеңири тааныштыруу максатында, Ш.Азизовдун чыгармачылыгын мисал кылып, кинорежиссёр М.Убукеевдин аракети менен 1994-жылы «Акыркы манасчы» аттуу 20 мүнөтүк даректүү кинотасмасы тартылат. М.Убукеевдин дагы бир аракети менен Ш.Азизовдун катышуусу аркылуу «Манастын ааламы» («Вселенная Манаса») аттуу илимий-популярдуу кинотасмасы жарык көрөт. Манасчынын айтуусундагы «Тайбуурулдун Гүлчорону ала качышы», «Гүлчоронун Ургөнч суусун кечиши» деген окуялары граммпластинкага жазылып, 1981-жылы Ташкенттен чыгат. 2000-жылы Ж.Орозобекованын киносценарийи боюнча Швейцария менен Франциянын биргелешкен кинокомпаниялары тарабынан тартылган «Манасчы» деген даректүү кинотасмада Ш.Азизовдун өзүнүн айтуусунда «Жети баатырдын өлүмү», «Алмамбеттин жомогу», «Манастын кошогу» аттуу «Манас» эпосунун үзүндүлөрү чагылдырылган. 1996-жылы Туркия мамлекетинин атайын чакыруусу боюнча Ш.Азизов өлкө ичин кыдырып «Манас» эпосун айтып келген.
1998-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ПРООНдун - «Устат-шакир» аттуу долбоорунун алкагында, жаш манасчы Тилек Асановду тарбиялаган.
Ш.Азизовдун өмүр-чыгармачылыгы жөнүндө: Т.Бакчиевдин, Р.Кыдырбаеванын, Ж.Орозобекованын илимий эмгектери кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн.
Ш.Азизов - ата-бабаларынан келе жаткан улуу өнөрдүн улантуучусу. Ал классикалык түрдогү нагыз манасчылык өнөрдүн сактоочусу жана алып жүрүүчүсү катары эсептелинет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Респубиликалык "МАНАС" жаштар ордосу, "Манасчылар" Б-2010ж.