Шайык Жамансариев

Википедия дан
Жамансариев Шайык
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Шайык Жамансариев
Туулган жылы: 1915-жылы 5-май
Туулган жери: Тепке айылы, Ак-Суу району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, жазуучу

Акын, жазуучу, журналист Шайык Жамансариев Ак-Суу районунун Тепке айылында 1915-жылы 5-майда туулган. 1929-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумду, андан кийин мамлекеттик педагогикалык институттун тарых факультетин бүтүргөн. 1948-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектептин бир жылдык журналистика бөлүмүн аяктаган.

Ал 1935–1937-жж. «Кыргызмамбаста» редактор, 1938–1940-жж. Жалал-Абад, кийин Каракол шаарларындагы окуу жайларында мугалим, 1940–1943-жж. Компартиянын Балыкчы райондук комитетинде бөлүм башчы, Ысык-Көл обкомунда лектор, 1943–1952-жж. облустук «Ысык-Көл правдасы» гезитинин башкы редактору, 1953–1974-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин социалдык-маданият иштери боюнча бөлүм башчы, кийин Элге билим берүү министрлигинин кадрлар башкармасынын начальниги, 1974–1986-жж. «Эл агартуу» журналынын башкы редактору болгон.

Ш.Жамансариевдин чыгармачылыгы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде башталып, алгачкы «Ушул жыл», «Мекенди сүйүү» деген ырлары «Ысык-Көл правдасы» гезитине 1942-жылы жарыяланган. 1934–1935-жж. А.П.Чеховдун «Мальчики», А.А.Фадеевдин «Метелица», В.В.Тихоновдун «Черт», В.М.Гаршиндин «Лягушка путешественница» деген чыгармаларын которгон. 1943-жылы «Маданият майданы» журналына «Кутман чал» аттуу ыр менен жазылган поэмасы басылып чыккан. Жазуучунун макалалары, очерктери, ырлары, фельетондору басма сөз беттеринде жарыяланган. Ал «Ардак белгиси» ордени, 7 эмгек жана юбилейлик медалдар, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин 3 Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага «Кыргызстандын Эл агартуу ишине эмгек сиңирген ишмер» жана «СССР эл агартуу отличниги» деген наамдар берилген. Ш.Жамансариев Ысык-Көл облустук кеңешине эки жолу депутат, партиянын облустук комитетине эки жолу мүчө жана бюро мүчө болуп шайланган. 1986-жылы Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн персоналдык пенсияга чыккан. Жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Таңкы кадам: Аңгемелер жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 60 б.
  • Көк чоку: Ырлар жыйнагы. – Б.: Алтын тамга, 1998. – 210 б.
  • Баян жол: Мемуар. – Б.: Седей фондусу, 2000. – 254 б.
  • Чаңырык: Повесттер. – 2001. – 122 б.
  • Мезгил учат: Ырлар. – Каракол: Каракол унив. типографиясы, 2003. – 200 б.
  • Муундар: Роман. – Б.: Учкун, 2004. – 350 б.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шарнат. – Учкун, 1992. – 25 б.
  • Мүрөктүн суусу. Сборник рассказов индийских писателей. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 120 б.
  • В.Беляев. Үч китептен турган роман: Эски чеп. 1-китеп. – Ф.: Мектеп, 1962. – 260 б.
  • Коркунучтуу үй. 2-китеп. – Ф.: Мектеп, 1988. – 232 б.
  • Э.Казакеевич. Одердеги жаз: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 520 б.
  • А.Измайлов. Кыргызстан мектептеринин тарыхы боюнча очерктер. – Ф.: Мектеп, 1952. – 600 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]