Шейнфельд-Бегалиева, Асель Сувакуновна

Википедия дан
Асель Сувакуновна Шейнфельд-Бегалиева
Желек
Желек
Тарыхчы
 
Туулган жери: Фрунзе азыр Бишкек шаары, Кыргызстан, СССР
Атасы: Бегалиев Сувакун Иманакунович
Апасы: Кудуева Гүлсара Аскаровна
Жубайы: Шеинфельд Грегори
Билими: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультети
Илимий даражасы: Тарых илимдеринин доктору
Кесиби: тарыхчы


Эркин энциклопедия – Википедия материалынан.

Бегалиева Асель Усубакуновна ( Сувакуновна ) / Шеинфельд Асель (18.10.1977- жылы туулган, Фрунзе, Кыргыз ССР, СССР ) - кыргыз тарыхчысы, коомдук ишмер, публицист, туризм, илим жана билим берүү тармагынын өкүлү. Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруунун тарыхын, Кыргыз Республикасындагы парламентаризмдин тарыхын изилдеген [1] . Кыргызстанда маданий жана диний туризмдин өнүгүү тарыхын изилдеген биринчи тарыхчы («Кыргыз Республикасындагы маданий туризм: тарыхы жана өнүгүү келечеги [2]» деген темада докторлук диссертациясын коргогон).

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илим жана билим берүү тармагындагы көптөгөн эмгектердин автору. [3] 1985-жылы Ленинградда (Санкт-Петербург) кыргыз милициясынын калыптануу жана өнүгүү тарыхы боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Биринчи толкундун демократы, Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) активдүү катышуучусу. Бишкек шаардык шайлоочулар клубунун мүчөсү. «Мемориал-Акыйкат» коомунун активисти. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер. Ысык-Көл облусунун Түп районунан чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жыпар Жекшеевдин коомдук жардамчысы, консультанты, ишенимдүү адамы. Советтер Союзунун жана эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы тарыхчылардын бири.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1994-жылы Бишкек шаарындагы №27 орто мектепти артыкчылык диплому менен аяктаган.
  • Орус, англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Педагогикалык ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

- 09.1999 - 09.2000 - И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети, Гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу

- 09.2006 — 04.2007 - Кыргыз мамлекеттик транспорт курулуш жана архитектура университети Archived 2021-09-21 at the Wayback Machine, гуманитардык илимдер кафедрасынын ага окутуучусу

- 09.2006 - 03.2008 - Туризм Академиясы, доцент

- 03.2012 - 12.2012 - М.Р. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети, Менеджмент жана туризм факультетинин деканы

- 03.2013 - 12.2013 - М.Р. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети - Доцент, Философия жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, Коомчулук менен байланыш жана ММКлар менен иштөө боюнча координатор

- 05.2011 - 09.2015 - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, у. м. профессор

- 09.2015 - 09.2016 - Кыргыз-Казак университети, Профессор

- 09.2016 - 09.2018 - IHMS — Эл аралык жогорку медициналык мектеп — Бишкек, у. м. профессор

- 09.2018 - 03.2021 - KICA - Борбордук Азиядагы Корея институту Archived 2022-04-06 at the Wayback Machine — профессор

Туризм тармагындагы ишмердүүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2007-2008 Trek Travel International / Стамбул-Түркия - туроператор, коммерциялык директордун орун басары.
  • 2005-2006 Starfish Travel & Yachting / Fethiye-Түркия - туроператор.

Негизги илимий эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгектери орус тилинде жазылгандыктан кыргыз тилине которулбай берилди.

1. Истоки парламентаризма: опыт деятельности Исполнительного Комитета Советов КАО РСФСР в период возрождения национальной государственности (1924—1927 гг.).— Бишкек, 2006/ Монография на основе диссертации.

2. Культурный туризм в Кыргызской Республике: история и перспективы развития.Бишкек, 2013.

3. Историко-культурное наследие в туризме Кыргызской Республики. — Бишкек, 2011 (рекомендовано МОиН КР для образовательных учреждений КР),

4. Религиозный туризм в Кыргызской Республике.— Бишкек, 2011 (рекомендовано МОиН КР для образовательных учреждений КР),

5. Государственное регулирование туризма в Кыргызской Республике (1999—2011 гг.). Сборник документов. — Бишкек, 2012.

6. Комплектация и систематизация материала докторской диссертации отца Бегалиева Сувакуна Иманакуновича (посмертно) и издание книги Бегалиев С. И., Сулайманов Ж. И. «Депортированные народы Кавказа в Кыргызстане. Размышления „на рельсах судьбы“». — Бишкек, 2012.

7. Комплектация и систематизация архивных материалов Бегалиева С. И. о восстании 1916 года с последующей публикацией. «Восстание 1916». Под редакцией д.филол.н. К. Мамбеталиева. - Бишкек, 2015.

8. Официальный оппонент на защитах докторских диссертаций в ДИССЕРТАЦИОННОМ СОВЕТЕ Д. 07.18.578 ПРИ КГУ ИМ. И.АРАБАЕВА И КНУ ИМ. Ж.БАЛАСАГЫНА

Коомдук жана уюштуруучулук иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

– «Кыргызстандын психологдорунун этикалык кодекси» (Кыргызстан Психологиялык коому, 2013-ж. апрель) жана «Парламенттин этностор аралык мамилелерге эффективдүү катышуусу» («Эгалит» Конфликттерди жөнгө салуу агенттиги, 2012-2013-ж.) эмгектерин талкуулоого чакырылган. Archived 2022-02-24 at the Wayback Machine

- Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынын ( Ахметова Нурсулуу ) суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасындагы диний билим берүү маселелери жаатында консультациялык материалын берген (2013-жылдын августу 25-бетте).

- Байкал жаштар форумунда (2013-ж.) А.С.Бегалиеванын «Байкал-Ысык-Көл» бирдиктүү жаштар форумун түзүү идеясынын сунушу россиялык тараптын колдоосуна ээ болуп, резолюцияга киргизилген.

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин эксперти (2013-2016-жж.).

- Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүү боюнча көз карандысыз кеңешинин эксперти (В.А. Комиссаров тарабынан түзүлгөн ).

- Кыргыз Республикасынын кол күрөш федерациясынын президентинин кеңешчиси (2011-жылдан 2017-жылга чейин).

- 2014-жылы 15-17 жаштагы уландар жана кыздар арасындагы кол күрөш боюнча Азиянын ачык чемпионатына Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын жетекчиси / Худжанд – Тажикстан/2014-жылдын апрель айы/ Кыргыз Республикасынын курама командасы 10 катышуучу өлкөнүн ичинен 3чү командалык орунга ээ болду Archived 2022-02-17 at the Wayback Machine

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ош мамлекеттик социалдык университетин лицензиялоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын эксперти / май 2014-ж.

- 2013-2014-окуу жылында Кыргыз-орус билим берүү академиясынын колледждинде Archived 2022-06-29 at the Wayback Machine Кыргызстан тарыхы боюнча Мамлекеттик Аттестациялоо комиссиясынын төрагасы.

- 2013-2014-окуу жылында Кыргызстан Эл аралык университетинин чет өлкөлүк студенттердин (англис тилдүү) топтору үчүн Кыргызстан тарыхы боюнча Мамлекеттик Аттестациялоо комиссиясынын мүчөсү

- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Туризм” багыты боюнча магистратура программасын лицензиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик комиссиясынын эксперти / март 2015-ж.

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Тарых” багыты боюнча бакалавриат программасын лицензиялоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын эксперти / май 2015-ж.

– КР Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз-орус колледжинин КР Archived 2022-01-29 at the Wayback Machine Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо комиссиясынын төрагасы / июнь 2015-ж.

Сыйлыктар жана жетишкендиктер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун Ардак грамотасы, «КЭУну өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» юбилейлик медалы
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы,
  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы,
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ардак грамотасы,
  • Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ардак грамотасы,
  • Россия Федерациясынын Бурятия Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы.

Илимий докладдар үчүн конференцияларда, форумдарда ж.б.у.с сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

- «Кут билим» гезитинин мыкты автору («Кут билим», «Жыл жыйнтыгы», 27-декабрь, 2013-жыл, 15-бет).

- Илим жана жаңы технологиялар жаатында 2011-2012-ж. Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты (Республика боюнча 2-орун).

Публицистика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автор жана авторлош, ошондой эле редакциянын коногу (маек) гезиттерде жана телеканалдарда: Кут билим, Слово Кыргызстана, Кечки Бишкек, Мир ТВ, КТРК, НТС, Бурят ТВ.

Кино[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз экономикалык университети тууралуу режиссёр Э. Абдыжапаров тарткан «КЭУ-60» аттуу 20 минуталык документалдык фильмдин сценарийинин авторлошу, ошондой эле кадр артындагы үн текстинин автору.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр орус, англис тилинде болгондуктан кыргыз тилине которулбай берилди.

3. https://knews.kg/2012/02/16/v-bishkeke-sostoyalas-prezentatsiya-knigi-religioznyiy-turizm-v-kyirgyizskoy-respublike/

4. http://www.time.kg/vremya-i-rasstoyaniya/3105-religioznyy-turizm-v-kyrgyzstane.html

5. https://www.vb.kg/doc/179224_v_kyrgyzstane_vyshla_v_svet_kniga_religioznyy_tyrizm_v_kr.html

6. https://slovo.kg/?p=6936 Archived 2022-02-23 at the Wayback Machine

7. https://24.kg/archive/ru/community/124213-religioznyj-turizm-vo-vtoroj-shvejcarii.html/

8. https://24.kg/archive/ru/community/121642-asel-begalieva-u-kyrgyzstana-est-vse-zadatki.html/

9. https://knews.kg/2013/12/24/v-stolitse-prezentovali-knigu-kulturnyiy-turizm-v-kr-istoriya-i-perspektivyi-razvitiya/

10. Премия Айтматова — ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ, РАСПОРЯЖЕНИЕ от 12 декабря 2014 года № 569-р

11. https://who.ca-news.org/people:13911

12. https://www.history.kg/ru/

13. Болевая точка: Пробелы в организации Молодёжного форума ШОС «Развитие туризма» в Кыргызстане. Или почему форум не достиг своих целей?

14. Сводный электронный каталог библиотек Беларуси — Бегалиева Асель Сувакуновна

15. Религиозный туризм как средство возвращения к своим духовным истокам (Тенгрианство, Кыргызская Республика). Сборник материалов VII Международной научно-практической конференции: Тенгрианство и эпическое наследие народов Евразии: Истоки и современность.

16. Корееведение в Центральной Азии. Наука и Образование. Алматы, 2019 Выпуск 4

17. Turizmin Çeşitlendirilmesinde Kültür Rotaları

18. https://knews.kg/2021/03/25/pishbek-istorik-utochnyaet-nazvanie-stolitsy-kyrgyzstana/

  1. https://history.kg/files/Tez%20Begalieva%20Asel.pdf
  2. https://history.kg/files/Begalieva_A_Disser.pdf
  3. HISTORY.KG — История Кыргызстана — Бегалиев Сувакун Иманакунович
  4. http://cslnaskr.krena.kg/collections/uploads/Бегалиева%20Асель%20Суванкуловна.pdf Archived 2022-02-23 at the Wayback Machine
  5. Фонд Аскара Салымбекова  Вручение премии «Акыл Тирек» | Новости. Текшерилген күнү 8 -июль (теке) 2022. Түп булактан архивделген күнү 19 -июль (теке) 2017.