Шор топурактар

Википедия дан

Шор топурактар – составында сууда жакшы эрүүчү туздар (хлор, сульфат, карбонат) арбын (25%тен ашык) кездешкен топурактар. Шор топурактар адатта кургакчыл аймактарда топуракта жана топурак-кыртыш сууларында туздун арбын топтолушунан пайда болот. Шор топурактардын ири массивдери – Индия, Пакистанда, АКШнын батышында, Түн. Африкада, Австралия менен Түштүк Американын кургакчыл аймактарында, Каспий бою ойдуңунда, Орто Азиядагы түздүктөрдө, Арал деңизинин жээктеринде кездешет.

Орусча чыккан адабияттарда «засоленные почвы» деп аталат.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]