Шумкарлар
Алтай шумкары | |
Илимий классификация | |
---|---|
дүйнөсү: | Жаныбарлар |
тиби: | Хордалуулар |
Subphylum: | Омурткалуулар |
классы: | Канаттуулар |
түркүмү: | Күндүзгү алгыр куштар |
тукуму: | Шумкар сымалдуулар |
уруусу: | Шумкарлар |
Шумкарлар (лат. Falco, L. 1758) — шумкар сымалдуулар тукумундагы бир уруу, буларга төмөнкү түрлөр кирет:
- (Falco gyrfalco) — шумкар (орус. кречет);
- (Falco cherrug altaicus) Алтай шумкары — кадимки шумкар;
- Исландия шумкары;
- Норвегия шумкары;
- (F. rustricolus) — ак шумкар[1].
Мүнүшкөрлүктө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биология сөздүгүндө шумкарлар өз алдынча урук болуп берилип, ителги шумкар уругуна кирсе, кыргыз мүнүшкөрлүгүндө адатта шумкар ителгинин ичинен чыккан кыраан куш катары берилет. Мисалы,
- "Шумкар ителгинин уругуна кирет. Анын мыктылары майда илбесинден тартып, тоодакка чейин алат. Шумкар белгиси жок ителгилердин кыраандары да тоодак, аңыр, каз, кузгундарды ала берет. Шумкар кооздугу менен айырмаланат, өңү ар түрдүү болот: кара шумкар, ак шумкар, көк шумкар, күйкө шумкар, дагы ушу сыяктуу."[2]
Канаттуулардын түрүн мыкты ажырата билген мүнүшкөрлөр алгыр куштарды учуп баратканда деле тааный билишет. Ителги уругундагы канаттуулардын бардыгынын (ылаачын, жагалмай, турумтай, күйкө) канат-куйруктары учуп баратканда учтуу келип, жайыла жазылбайт. Алар көбүнчө сызып учпай, канаттарын кагып учат. Конгон ордунан көтөрүлгөнчө ыкшоо келет. Көтөрүлүп узагандан кийин башка канаттууларга жеткирбейт.[3]
Кыргыз адабиятында
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Манас жана башка кыргыз элдик эпостордо шумкар баш баатырлар салган алгыр куштары. Шумкар - эр жүрөктүүлүктүн синоними катары колдонулуп, баатырлар жоо менен салгылашканда шумкардай тийе тургандыгы айтылат.
Манастын Ак Шумкары өзүнчө каарман катары сүрөттөлөт. Ал Манас өлгөндө алтын боосун тытып айды карай учуп кетет. Кийин Семетей Таласка кайрылып келгенде Семетейдин кушу болуп калат. Айчүрөк Семетейди өзүнө үйлөндүрүү амалы катары Семетейдин Ак-Шумкарын уурдап кетет. Шумкарын издеген Семетей эки чоросу менен келип Айчүрөктү камап жатышкан Толтой менен Чынкожону жеңип Айчүрөккө үйлөнөт.
Түшүндүрмөлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Алдашев А. А. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Б.: «Кыргызстан - Сорос» фонду, 1998, ISBN 9967 - 11 - 027 - 9. Текшерилген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 1 -август (баш оона) 2013.
- ↑ С. Рыскулов. Кара шумкар - Ф.:Адабият, 1994,ISBN 5-660-00532-2. Текшерилген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 3 -июнь (кулжа) 2013.
- ↑ С. Рыскулов. Кара шумкар - Ф.:Адабият, 1994,ISBN 5-660-00532-2. Текшерилген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 3 -июнь (кулжа) 2013.