Мукай Элебаев

Википедия дан
Элебаев Мукай‎»‎ барагынан багытталды)
Мукай Элебаев
Элебай уулу Мукай
Туулган датасы:

15 үчтүн айы 1906

Туулган жери:

Чоң-Таш айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу

Өлгөн датасы:

бугу 1944

Өлгөн жери:

Псков облусу

Чыгармачылык жылдары:

19241944

Мукай Элебаев — акын, жазуучу, котормочу. Түп районунун Чоң-Таш айылында 1906-жылы туулган[1][2].

1916-жылы көтөрүлүштө эл менен бирге Кытайга барат[3].

1917-жылы кайра Ысык-Көлгө келет.

М.Элебаев 1921-жылы Караколдогу жетим балдарды тарбиялоочу интернатка алынып, Түп районундагы зооветтехникумга өтөт.Анда үч жыл окуп, Фрунзедеги борбордук педтехникумга которулуп, аны 1930-жылы бүтүрүп чыгат.

1924-жылы Мукай Элебаевдин «Зарыгам» аттуу ыры «Эркин Тоо» гезитине басылып чыгат.

М.Элебаевдин 1931-жылы биринчи ырлар жыйнагы чыккан.

М.Элебаевдин мурастары советтик кыргыз адабиятында көрүнүктүү орунда турат.

1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

1936-жылы Узак жол автобиографиялык романы жарык көргөн[4]. Бул алгачкы кыргыз роман.

1943-жылы фашизмге каршы согушка аттанып

1944-жылы май айында Псков облусунда курман болгон.

М.Элебаев чебер котормочу болгон. Ал Гогольдун «Шинель», «Өлүк жандар», Л.Толстойдун Хажы Мурат, Фурмановдун «Кызыл десант» жана «Козголоң», Пушкиндин «Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу» жана М.Горькийдин, В.Маяковскийдин, Франконун, Сурковдун чыгармаларын которгон.

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылындагы орто мектепке, Ош облусундагы Базар-Коргон районундагы №1 орто мектебине М.Элебаевдин ысмы коюлган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Окуу китеби. – Ф.: Кыргызмамбас, 1930. – 125 б. (Жамгырчиев Ж. менен бирге.)
  • Ырлар жыйнагы. (1-жыйнак). – Ф.: Кыргызмамбас, 1931. – 99 б.
  • Майдан. 2-жыйнак. – Ф.: Кыргызмамбас, 1933. – 60 б.
  • Ырлардын толук жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 80 б.
  • Узак жол: Роман 1-китеп. – Ф: Кыргызмамбас, 1936. – 138 б.
  • Ырлардын толук жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 103 б.
  • Кыйын кезең: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 52 б.
  • Салам кат: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 46 б.
  • Улуу марш: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 32 б.
  • Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 84 б.
  • Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 183 б.

«Узак жол» романы орус, латыш, түрк тилдерине которулган. «Кыйын кезең» түрк тилине да которулган.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Данилич-Кочин А. Динамит: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1934. – 31 б.
  • Фурманов Д.А. Козголоң – Ф.: – Казань, Кыргызмамбас, 193 б. – 199 б.
  • Маршак С.Я. Акылсыз чычкандын баласы тууралуу. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1937. – 8 б.
  • Толстой Л.Н. Хаджи Мурат. – Ф.: – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 139 б.
  • Гоголь Н.В. Шинель: Повесть. – Ф.: – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 46 б.
  • Пушкин А.С. Хандын өлгөн кызы менен жети баатыр жөнүндө. – Ф.: – Казань, Кыргызмамбас, 1938. – 28 б.
  • Пушкин А.С. Хандын өлгөн кызы менен жети баатыр жөнүндө. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 18 б.

Сүрөт баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://sputnik.kg/20150929/mukaj-ehlebaev-omur-bayany-1018771258.html
  2. https://www.azattyk.org/a/mukai-elebaev--klassik-oor-jyldar/31107735.html
  3. https://tyup.net/page/elebaev-mukaj-1905-1944
  4. Abdikulova, R. (2016). 1916 Türkistan Isyani'nin Kirgiz Edebiyatina Yansimasi: Ürkün. Bilig, 76, 159.