Элмира Тагаева

Википедия дан
Элмира Тагаева
Туулган датасы:

15 -май 1978(1978-05-15) (45 жаш)

Туулган жери:

Кызарт, Жумгал району, Нарын облусу, Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

2000 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты

IMDb:

ID 11224787

Элмира ТагаеваКыргызстандык театр жана кино артисти. Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын жана Кыргыз мамлекеттик жаштар жана жеткинчектер театрынын актрисасы.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элмира Тагаева айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин 1997-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын карамагындагы театр окуу жайына (колледж) келип кирет.

Театр окуу жайын 2001-жылы бүтүрүп, Элмира ошол эле жылы Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театрына актриса катары өтөт.

2004-жылы Бишкектеги Кыргыз Республикалык Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрына артисттик кызматка кабыл алынат.

Ушул театрда анын чыгармачылык диапозону өтө кеңири көрүнөт. Ал кыска убактын ичинде театрдын алдыңкы артисттеринин катарына кирет.

Айрыкча Элмиранын "Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза!" спектаклиндеги Зайнанын ролу актрисаны дароо драмалык табияты күчтүү сахна чеберлеринин деңгээлине көтөрдү.

Элмира кыргыздын улуттук киносуна да олуттуу салымын кошту. Ал биринчи жолу “Айыл өкмөтү” фильминде ийгийликтүү тартылган соң, "Кандуу сүйүү" (“Каргыш тийсин, сага, Жаңыл Мырза!”) фильминде башкы ролду- Зайнанын ролун жогорку чеберчиликте ойноп, кыргыз элине аттын кашкасындай таанылган.

Элмира Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун да аяктаган.

Театрда ойногон негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суфлер кыз (Ж.Кулмамбетов, “Талант жана тагдыр”)
  • Ли (Жума Куддус, "Хан оюуну")
  • Бактыгүл (Ж.Кулмамбетов, “Аксыдагы атуу же Боспиектеги карантүн”)
  • Асел (Ж.Кулмамбетов, “Чынгыз менен Бүбүсайра”)
  • Зайна (Ж.Кулмамбетов, “Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза!”) ж.б.

Кинодогу ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Койчунун аялы ("Айыл өкмтү", реж. Э.Абдыжапаров)
  • Зайна («Кандуу сүйүү», реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Зайна («Кандуу сүйүү», реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Жардамчы кыз («Чыңгыз менен Бүбүсайра», реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Келин («Президент жана бомж», реж. Ы.Окенова) ж.б.
  • Эшбай (2023) — Экстрасенс (бакшы, көзү ачык)

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • [1](жеткиликсиз шилтеме)