Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры

Википедия дан

Нарын облустук академиялык М.Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театры

Кыскача тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1937-жылы Нарын шаарында район аралык колхоз-совхоз театры болуп ачылган.
Алгачкы режиссёру Д. Койчуманов болгон. 1939-жылы колхоз-совхоз театрынын базасында облусттук драма театры ачылган, режиссёр А. Көбөгөнөв.
1949-жылы Ысык-Көл Облусттук театры менен кошулган, 1957-жылы кайрадан Тянь-Шань облусттук драма театры болуп уюшулуп, режиссёр М. Назаралиев келип иштеген мезгилден баштап орус жана дүйнөлүк классикага кайрылуу башталган.
1977-жылы СССРдин эл артисти М. Рыскуловдун ысмы берилген.
1977-жылы 606 орундуу (анын 546 орундуу көрүү залы, 60 орундуу кичи залы) 2 залы бар жаңы имараты ишке берилген. Бир нече цех, музей жана башка иштейт.
2008-жылдан Нарын облусттук академиялык музыкалык драма театры статусуна ээ.

Чыгармачылык жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы спектаклдери: «Токтогул» (Ж. Бөкөнбаев), «Саринжи-Бөкөй» (К. Эшманбетов), «Күлүйпа» (К. Маликов), «Таш конок» (А. Пушкин) ж. б. Мындан сырткаары концерттик программаларды коюшкан.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында коюлган спектаклдери: «Орус адамдары» (К. Симонов), «Курманбек», «Өч» (К. Жантөшев), «Жаңыл» (К. Маликов, А. Куттубаев) жана башка. Театрда А. Айдаралиев, А. Темиров, Б. Кыдыкеева,С. Андабеков, К. Карасартова, Ж. Сыдыкбекова, С. Сатыбалдиева, Ж. Самаков, М. Өмүрканова, С. Балкыбекова, С. Жумаев, С. Өмүралиев, Н. Турсунбаев, А. Жумабаев жана башка белгилүү артисттер эмгектенген.
Театр 1948-жылы Каракол шаарына көчүрүлүп, кийин 1958-жылы кайрадан уюшулган. Бул учурда театрда А. Үрүстөмов, 3. Эсеналиева, С. Чечейбаева, Д. Сариев, Г. Мамашева, К. Досмамбетова,Т. Жумакаева, К. Тагаев жана башка таланттуу ырчылар, обончулар иштешкен.
1962-жылы театр коллективин Ташкент театр институтун бүтүрүүчүлөрү менен жергиликтүү таланттар Кара-Кол, Жалал-Абад театрларынын артисттери түзгөн. Режиссёрлору: М. Назаралиев, А. Кыдырназаров, Б. Ибраев, Э. Токтогулов, Р. Кемпирбаев; композитор Ж. Шералиев, сүрөтчүлөр С. Төбөев, А. Абдраев.
Р. Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасов», С. Кожониязовдун «Сүйбөгөнгө сүйкөнбө», К. Гольдонинин «Эки мырзанын малайы», В. Вишневскийдин «Оптимисттик трагедия», М. Каримдин «Ай тутулган түндө», Ж. Бөкөнбаевдин «Алтын кыз», Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна», У. Шекспирдин «Отелло», Ч. Айтматовдун «Кызыл жолук жалжалым», К. Жантөшевдин «Курманбек», Б. Жакиевдин «Миң кыял», Ж. Садыковдун «Жукеев-Пудовкин», Гафур Гуламдын «Ташбалта ашык», Н. Давлесовдун «Аста секин, колукту», Т. Абдумомуновдун «Ашырбай», «Атабектин кызы», У. Гажибековдун «Аршин мал алан», Н. Гоголдун «Текшерүүчү» жана башка пьесаларды ийгиликтүү коюшкан. Спектаклдер концерт менен коштолуп, бүт республикага гастролго чыгып турган.
1966- жана 1973-жылы Фрунзеде чыгармачылык отчёт менен гастролдо болушкан.
Труппада Кыргыз ССРинин эл артисти К. Медетбеков, Б. Алиев, А. Жангорозова, С. Андабеков, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти - А. Куттубаев, С. Чечейбаева, С. Көмөчов, Т. Жумакаева жана С. Сатыбалдиева, Д. Сариев, Г. Абдрахманова, А. Бердибаев, К. Карасартова, артисттер А. Абдыласов, А. Дүйшеев, Э. Сатаров жана башка иштеген.
1977-жылдан театрдын башкы режиссёру Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери Э. Токтогулов болгон.
1981-1990-жылдары театрда А. Сарлыкбеков башкы режиссёр болуп иштеп, тоолук коллективдин аброюн алда канча жогору көтөргөн. Ал Ч. Айтматовдун «Эрте жаздагы турналар», "Кыямат", В. Шекспирдин «Отелло», «Король Лир», "Макбет", Ф. Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза», Ж Садыковдун «Жукеев-Пудовкинди эскерип» ж.б.у.с. чыгармаларды койгон.
Ушул жылдары театр "Эрте жаздагы турналар" спектакли менен Тбилиси шаарында Бүткүлсоюздук театр фестивалына катышып, ийгилик менен кайткан.
1987-жылы теңир тоолук театр СССРдин борбру Москва шаарына чыгармачылык отчет менен барып, чоң ийгилик менен кайтып келген. Натыйжада, 1988-жылы Кыргызстандын элеттик театрларынын ичинен биринчи жолу Капар Медетбеков СССРдин эл артисти наамын алган. Жаңы башкы режиссёр М. Сагынбаев 1990-жылы Т. Актановдун «Теңирим Манас», С. Раевдин «Күн кармаган бала», Ч. Айматовдун «Чыңгыз-хандын ак булутун» койгон.
2000-жылдары театрда коюлган спектаклдер: М. Байжиев, «Тил табышкандар»; К. Иманалиев, «Курманжан-датка», «Актриса»; К. Зарлыкова, «Сибирь челноктору», «Сүйүү арманы»; Т. Актанов, «Айкөлдүн аманаты» жана башка.
Учурда театрда КРдин эл артисти Д. Баратбаева, КРдин эмгек сиңирген артисттери: Б. Өмүрова, А. Токтомушева, А. Кускаков, Б. Мамытова, К. Мендебаиров жана башка үзүрлүү эмгектенүүдө.

Обончу-композиторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ж. Шералиевдин ырлары театрдын сахнасында жаралып, кыргыз улуттук музыкасынын сахнасын байытып, республикалык радионун алтын фондуна жазылган. Белгилүү обончулар, С. Түркмөнов, С. Мамбетбаев, М. Алмакунов, К. Досманбетова, К. Тагаев, Э. Мааданбеков, А. Кыязов, К. Абылов жана башка тарбияланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]