Энтеровирус оорулары

Википедия дан

Энтеровирус оорулары — тез башталуучу жугуштуу дарттар.
Буларга борбордук нерв системаларынын, булчуң жана теринин үстүнкү катмарларынын, ошондой эле ичке ичегинин сезгениши, ооз менен көздүн былжыр кабыкчаларынын жараланышы жана сасык тумоо сыяктуу өтүүчү оорулар кирет. Энтеровирус ооруларын түрдүү вирустар пайда кылат.
Энтеровирустар сырткы чөйрө шартына, дезинфекциялык заттарга туруктуу. Алар жер шарында өтө кеңири таралган. Энтеровирус оорулары оорулуу же вирусту алып жүргөн дени соо кишиден жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жана заңы менен бөлүнүп чыгып таралат. Вирустар менен булганган суу, аба, тамак-аш, үй буюмдары, кир кол аркылуу берилип, балдар бакчаларында массалык тарап коркунуч туудурат. Оорунун инкубациялык (жашыруун) мезгили 3 — 5 күнгө созулат. Бул ооруга менингит, энцефалит, полиомиелит, жаңы төрөлгөн балдардын мээ-жүрөк булчуңдарынын сезгениши, эпидемиялык миалгия кирет. Көпчүлүк оорулар клиникалык жактан тез башталып, денеси ысыйт (38—39°). Оору мээден кармаганда баш катуу ооруп, кусат, уйкусу качып, ал кетет. Көкүрөк жана буттун булчуңдары тырышып катуу ооруйт. Энтеровирус оорулары айрым учурда полиомиелит сыяктуу өтөт. Оорунун айрым түрүндө алкымда, кекиртекте, ооздун ичинде кызыл тактар, ыйлаакчалар пайда болот. Энтеровирус оорулары көпчүлүк учурда какыс айыгат.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын алууда жалпы санитариялык эрежелердин толук сакталышы, айрыкча үйдө, балдар бакчаларында тазалыктын болушуна көңүл буруу керек. Ооруну өз убагында аныктап, дарылоо врачтын көрсөтүүсү боюнча жүргүзүлөт. Оорулууну өзүнчө бөлмөгө жаткызып, идиш-аягын, төшөнчүсүн, сүлгүсүн жана башкалар бөлүп коюу зарыл. Оорулуу жаткан бөлмөнү күнүнө эки-үч маал жууп, желдетип, колдонулган буюмдарды кайнатып жууйт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8