Эпитет

Википедия дан

Эпитет (грекче epitheton) — жалгануу, кошумча сүрөттөлүп жаткан нерсенин сапатын, мүнөздүү белгисин баса көрсөтүп, аныктап, ага көркөм элес, поэтикалык кооздук берүүчү көркөм сөз каражаттарынын бири. Айрым окумуштуулар аны жалаң стилистикалык ыкма деп гана эсептешсе (көркөм аныктоочторду, толуктоочторду жана алардын экспрессиялуулук касиеттерин гана Э-ке киргизишет), башка бир тобу кеңири планда карашат. Маселен, Л. И. Тимофеев сөздүн кең маанисине ар кандай эле түшүнүктөрдү толуктап, анын ар түрдүү мүнөздөрүн, сапат, абалдарын аныктап турган сөздөрдү түшүнөт. Мындай болгондо сын атоочтун баары тең Э-ке жатат. "Манас" эпосунда Э. көп түрдүү жана арбын. Жайылма чоң формаларынан тартып эң кыска жана так аныктама түрүндөгү Э-ке чейин учурайт. Колдонулушу жагынан ал салыштыруу, гипербола сыяктуу эле эпосто кеңири жолуккан көркөм сөз каражаты болуп эсептелет. Эпостогу Э-тер түзүлүшү жагынан бир нече түргө бөлүнөт: туруктуу (индивидуалдуу) Э., мүнөздөмө Э„ жайылма (развернутый) Э. Туруктуу Э. — эпосто каармандын, тулпарлардын же заттын, кубулуштун жеке өзүнө гана таандык касиетин айгинелеп, дайыма өзгөрбөй айтылган Э. Мисалы, Жайма Көкүл Айдар, Төкөр уста Бөлөкбай, Катагандын кан Кошой, Айкөл Манас, Кабылан Манас, Кан жыттанган эр Жолой, Дан жыттанган эр Жолой, жана башкалар Туруктуу Э. бинардык конструкцияда да, көп компоненттүү жана жайылма Э. тутумунда да учурай берет. Мисалы:

Эки Кемин жайлаган,

Эгиз кара ат байлаган,

Кара токой мал эткен,

Кара үңкүрдү үй эткен, Кара тилин кайраган Кан алдында сайраган Эйбит таздын эр Үрбү Жетимиш эки тил билген Жеткилең чечен эр эле.

Үрбүнүн ушул мүнөздөмөсү 1862-ж. В. В. Радлов жазып алган вариантта да,Ч. Валихановжазып алган үзүндүдө да, Сагымбай Орозбаковдун вариантында да жана башкалар материалдарда ошол бойдон же азыноолак гана өзгөрүүсү менен айтылат. Бул Э-ти көп компоненттүү, индивидуалдуу, жайылма жана Үрбүнүн туруктуу мүнөздөмө Э-и десек болот. "Манас" эпосунда мындай Э. жүздөп саналат.

Конструкциялык курулушу жагынан Э. бинардык же кошмок компоненттүү Э. (аныкталгыч зат атооч жана аныктагыч сын атооч), үч компоненттүү, төрт жана көп компоненттүү болуп бөлүнөт. Бинардык кошмок компоненттүү Э. эпосто Э-тин эң жөнөкөй түрүнө жатат. Мисалы, Эр Манас, Шер Манас, Кабылан Кошой, Кан Кошой жана башкалар "Манас" эпосунда көптөгөн каармандардын ысымдары менен тулпарларынын аталыштарынын өзүлөрү эле кандайдыр бир даражада бинардык конструкцияга жатат. Мисалы, Айгожо (Ай+Кожо), Жаш Айдар, Кыргылчал же Кыргынчал (кыргын, кыргыл+ + чал), Айчүрөк (ай+чүрөк), Коңурбай (хонгр+бай), Ажыбай (ажы+бай), Бозуул (боз+ + уул) жана башкалар Булардан башка Кан Кожо, Ак Сайкал, Кыз Сайкал, Кара Төлөк сыяктуу ажырап турган аныктамалар бар. Үч компоненттүү конструкцияларга төмөнкүдөй түзүлүштөр кирет: катагандын кан Кошой, төлгөчү кара Төлөк, кыяматтык кыз Сайкал, кырктын башы Кыргылчал жана башкалар Ал эми жайылма конструкция же көп компоненттүү Э. системасына жогоруда Үрбүнүн мүнөздөмөсү өңдүү Э-ттер кирет.

Мазмуну жагынан да эпостогу Э-ти бир канча түргө бөлүүгө болот: Каармандарды мүнөздөгөн Э. (жогоруда келтирилген мисалдар). Эпостогу тулпарларды, унааларды мүнөздөгөн Э.: Аккула (ак+кула), Сарала (сары+ала), Аксаргыл (ак+саргыл), Алгара (ала+кара), Көкбука (көк+бука) жана башкалар Баатырлардын Э-ти сыңары эле тулпарлардын, унаалардын Э-тери да бинардык конструкцийдан жайылма Э-ге чейин көптөгөн түрлөрдө учурай берет.

Курал-жарак, эмерек-шаймандардын Э-тери жоо куралдарын (сырнайза, айбалта, ак болот кылыч жана башкалар), жоо кийимдерин (туулга, чопкут, ак күбө тон, көк күбө тон, соот, калкан жана башкалар), ат жабдыктарын (алтын ээр, абайы жабуу, калы килем, кара жаак булдурсун жана башкалар), ошондой эле турмуш-тиричиликтеги ар түрдүү эмерек-шаймандардын Э-терин камтыйт. Эпостогу табият кубулуштарына, убакыт, мезгил, чен бирдиктерине карата айтылган Э. тобун да бөлүп кароого болот (ызгаар кыш, саратан жай, кеч күз, кара бурут, караңгы түн жана башкалар). "Манас" эпосунда топонимдик (жер ортосу Боз-Дөбө, Ысык-Көл, Кара-Тоо, Ала-Тоо, Эки-Кемин, Козу-Башы, Копо, Үйрүлмөнүн Кара-Саз жана башкалар) жана этнонимдик (Сары Ногой, Калың кара көп манжуу, калың кыргыз, ойрот, алтайлык кара кан эли жана башкалар) Э-тер да кеңири чагылдырылган. Булардын көпчүлүгү бири-бирине өтмө катар жуурулушуп кеткен учурда кезиктирүүгө болот.

Э-ти сын-сыпатты аныктоо функциясы жагынан да бөлүп кароого болот. Сандык аныктамалар: кырк чоро, тогуз кабат асман, жердин жети бурчу, кырк чилтен, миң сан кол; ошондой эле сакраменталдык сандар да бар: (3, 7, 9, 12, 30, 40). Түстүк аныктамаларды: ак, кара, сары, кызыл, көк, жашыл өңдүү сын атооч сөздөр түзөт. Тутумунда "ак" сөзү бар Э-тер Ч. Т. Валиханов жазып алган 3319 саптан турган "Көкөтөйдүн ашында " эле алардын саны отузга жетет да, кайталоолору менен жүздөн ашат: ак казан, ак сарай, ак көбө (тон), ак тикен, ак шумкар, ак кагаз (кат), ак чатыр, ак ээр, ак болот, ак бата, ак келте, ак тинте, ак олпок (тон), ак жол, ак боз ат, ак коён жана башкалар В. В. Радлов жазып алган варианттагы "Бокмурун" эпизодунда ушундай эле пропорция сакталган. Эпостун баш каарманы Манастын Э-тери эле ушул гана "Көкөтөйдүн ашында" өтө көп түрдүү экендигин көрсөтүүгө болот. Манас: эр, баатыр, падыша, эңчегер бойлуу эр Манас, Жакып кан уулу Манас кан, Жакып кан уулу жаш Манас, Жакыптын уулу жаш Манас, сайын таажы Манас, самарканда сарт Манас, сары кулак ит Манас (ситуативдик Э. — бир гана жолу учурайт), баатыр туулган эр Манас жана башкалар болуп жыйырмадай аныктамага жетет. Эпостогу Э-тер функциялык жана структуралык түзүлүшү бир топ татаал жана көп кырдуу. Э-тин поэтикалык көркөм тилдин өзүнчө бир катмары катары калыптанып, жалпы курулушу, негизги белгилери жагынан көпчүлүк элдерге бирдей таандык белгилери болгону менен анын ички маани-маңызында, конкреттүү ар бир чыгармада же белгилүү бир жанрлардын тобунда аткарган функцияларында өзгөчөлүк байкалат. "Манас" эпосунун Э-тери жөнүндө бирин-эки жалпы маанидеги пикирлер бар (Б. Керимжанова, С. Бегалиев, Р. Кыдырбаева, С. Закиров жана башкалар). Эпостун Э-тери атайын жана ар тараптан изилдөөгө муктаж.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4