Эргеш Ташимбет уулу

Википедия дан

Эргеш Ташимбет уулу (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Жору уруусунан. Сабатсыз. Атасы Ташимбет "Манас" айткан адам болгон. Атасынан "Көкчөнүн казатын" үйрөнүп, "Манастын " калган эпизоддорун түш көргөндөн кийин айтып калган. Э. түшүндө он аксакалга жолугат. Каякка барасыңар деп сураса алар Манаска барабыз дешет. Э. ойлонуп туруп мен да барайын деп суранат, алар макул болуп, ээрчитип алышат. Жүрүп олтуруп калың токойго жетишет. Анын ичиндеги чоң жол менен Манас жүргөн тоону бет алып жөнөшөт. Манас турган тоого бир шаты жол менен чыгып барса үч адам турган экен. Четки экөөнүн бири кызыл, бири ак тууну кармап алган. Салам айтып, мен Манаска учурашканы келип калдым десе, а болуптур деп колун сунганда Э.

анын көзүнүн чоңдугунан чочуп жер карап кетет. Кайра өйдө болуп кол берейин десе шаты тайып кетип кол бере албай калат. Чочуп бакырып ойгонот. Беш-алты күн табы жок болуп калыбына келет. Э. "Манас" эпосун кара сөз менен айткан. Дастан "Манас" эпосунда такай айтылып келген Манастын ата-бабасынан башталат. Э-тин айтуусунда да салттык мотивдер сакталып, Манастын чоң аталары Бөйөн кан, андан Чаян кан төрөлөт. Чаян кандын балдары Жакып жана Көзкаман болот. Чаян кандан кийин кандыкты Жакып алып, ал ногой элинен чыккан Караман деген байдын кызы Чыйырдыны алат. Карамандын кара Толтой деген уулу болот. Ал карасанатайлык кылып Жакыптын кандыгы менен байлыгын тартып алат да, Жакып менен Чыйырдыга бир чатыр, он беш эчки калтырат. Жакып Опол тоону жайлап калат. Чыйырдынын боюнда болот, бирок өзү билбейт. Күндөрдүн биринде Жакып кайнагасы кара Толтой той берип ошол жакка кетип, кеч калат. Чыйырды боорго жайылып кеткен эчкилерди чатырга айдап түшүрөт. Чатырга келгенде андан баланын добушу угулат. "О эне, секин бас, мен бир уул тууламын, жалаң жерге туубагын. Жыгачтын узуну карагай болот. Кызылы табылгы, камчы сап болот... Жалаң жерге бир аргамжы бою узак кетип каламын. Искөөч тайган көрүп калса жеп кетет. Андыктан, жалаң жерге туубагын. Токойлуу, карагайлуу жерге туугун. Мен өтөнөй өткүр чыгамын. Адамга, кийинкилерге, соңкуларга айтып жүрүшкө ылакап, жомок боломун. Колумдагы жарак үйдө калып калса, карагайдын бутагын сууруп алып келе жаткан душмандын башын майдалай чабам" деген добушту Чыйырды угат. Жакып келгенде болгон окуяны айтканда ал аябай кубанып, Опол тоодон көчүп токойлуу, карагайлуу жерге келип конуш алат. Манас төрөлгөндө өзү айткандай ыргып кетип карагайга илинип калат. Жакып таап келип киндигин кесет. Манас жигит болгондо жылкы тийүүгө камынып, Бээжин жолун энесинен сурайт. Андан ары Алмамбеттин жана Көкчөнүн окуясы айтылат. Манас Көкчөдөн жарат алат. Э-тен жазылып алынган "Манас" эпосунун үзүндү эпизоддору Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4