Юра доорунун паркы

Википедия дан

"Юра доорунун паркы" (англ. Jurassic Park, орус. Парк юрского периода) - 1993-жылы Стивен Спилберг тарткан жана Кэтлин Кеннеди менен Жералд Р. Молен продюсерлик кылган Американын илимий-фантастикалык тасмасы. "Юра доорунун паркы" тасмасынын алгачкы чыгарылышы 1990-жылы жарык көргөн Майкл Кричтондун романына негизделген жана сценарийин Кричтон менен Дэвид Коэп жазышкан. Тасмадагы окуя, Коста-Рикага жакын Борбордук Американын Тынч океанынын жээгиндеги ойдон чыгарылган кичинекей Исла Нублар аралчасында өтөт. Анда филантроп миллиардер жана генетиканы изилдеген окумуштуулардан турган топ, клондолгон динозаврлардын жапайы паркын түзүшөт.

"Юра доорунун паркы" кинотеатрларда 900 миллион АКШ доллардык киреше табуу менен, 1997-жылы "Титаник" тасмасы чыкканга чейин эң көп кирешелүү тасмалардын арасында рекорд койгон. Тасма негизинен жакшы сын-пикирлерге ээ болуп, анын атайын эффектилери, Жон Уилиямдын музыкасы жана Спилбергдин режиссердук ишине өзгөчө баа берилген. Тасма жыйырмадан ашык сыйлыкка ээ болгон жана анын ичинде визуалдык эффектилер жана үн монтажында техникалык жетишкендиктери үчүн "Оскар" сыйлыгынын үч наамын жеңип алган. "Юра доорунун паркы" компүтерге негизделген сүрөттөрдү жана визуалдык эффектилерди өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ. Андан соң анын үч ийгиликтүү бөлүмү чыгарылган. Алар: "Жоголгон дүйнө: Юра доорунун паркы" (1997), "Юра доорунун паркы 3" (2001) жана "Юра дүйнөсү" (2015). Тасманын бешинчи чыгарылышы 2018-жылга пландалууда.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]