Үй чымыны

Википедия дан
Үй чымыны (Musca domestica)
Илимий классификациясы
Дүйнөсү: Жаныбарлар
Тиби: Муунак буттуулар
Классы: Курт-кумурскалар
Катары: Кош канаттуулар
Уруусу: Чыныгы чымындар
Тукуму: Чымындар
Түрү: Үй чымыны
Латынча аталышы
Musca domestica
(Linnaeus, 1758)

Үй чымыны - (лат. Musca domestica) — Чыныгы чымындар уруусуна кирген курт-кумурскалар, көпчүлүк жерде тараган синантроптук организм. Жапайы жаратылышта учурда аз кездешет. Күндүзгү жашоо менен жашаган организм.

Сырткы түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй чымынын торчо көздөрү

Орто жаштагы чымындын денесинин узундугу 6-8 мм. Түсү көпчүлүк учурда боз-кара, төшүнүн үстүнкү бөлүгүндө - узунунан кеткен төрт кара сызык, алдыңкы курсак бөлүгү саргыч түстө. Денесинин бардык бөлүгү үзүк-үзүк кара сызыктардан турат. Көздөрү - чоң, торчо, кара-кызыл түстө. Ургаачы особдордун көздөрүнүн аралыгы алысыраак болот да, эркек особдорго караганда көлөмү чоң келет.

Бардык эле кош канаттуулар сыяктуу эле, учуу үчүн үй чымыны алдыңкы канаттарын пайдаланат. Арткылары болсо - редуциялынып кетишкен, аларды ызылдагычтар деп аташат. Алардын максаты абада тең салмактуулукту кармап туруу болуп саналат.

Азыктанышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооз аппараты жалоочу-соруучу болот, терини тиштеп жана кан сорууга үй чымындарынын мүмкүнчүлүктөрү жок. Чымындар суюк тамак аштарды соруп ичүү гана мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Ал эми катуу азык заттарды алар алдын ала шилекейи менен жумшартып, ээритип анан гана тамактанышат.

Таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй чымындарынын мекени болуп Борбор Азиянын талаалары, бирок учурда алар адамдардын артынан баардык континеттерге, жаратылыш чөлкөмдөрүнө, айыл, шаарларга тарашкан.

Көбөйүшү жана өөрчү цикли[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй чымынын личинкасы

Ургаачысы узундугу 1,2 мм болгон 70-120 чейин жумурткаларды таштайт. Өзүнүн жашоосунда чымындар болжол менен 600 дөн 2000 чейин, кээде табийгый климат жакшы болсо 9000 чейин жумуртка ташташат. Жумурканын өнүгүшү 8 -50 саатты талап кылат. Үй чымындарынын личинкаларынын узундугу 13 мм, ак түстө, бутсуз, ооз жылчыгы жагы узун, ичке келет, арткы бөлүгү тескерисинче томпок болот. Чириндилерде, жаныбарлардын кыктарында, тамак аш калдыктарында жашашат.

3-25 күн өткөндө, төрт жолку түлөгөндөн кийин личинка кургак, салкын жайга соймолоп, акырында куурчакчага айланат. Куурчакча фазасынын узундугу 3 күндү ээлейт. Андан соң чымын пайда болот. Чымындардын жашоосы эки жумадан бир айга чейин созулат, кээ бирлери эки ай жашашат. Куурчакчадан чыккандан кийин 36 сааттын ичинде, үй чымындары көбөйүү мүмкунчүлүгүнө ээ.

Жыл ичинде үй чымындарынын 9дан 20 чейин тукуму алмашышат. Личинкалары да, куурсакчалары жана чоң чымындар дагы кышташат.

Үй чымыны, адамдын жашоосунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй чымындары ооруларды, негизинен, ичеги карын ооруларын жана аларды козгогучтарды алып жүрүүчүлөр. Алардан коргонуу үчүн көптөгөн профилактикалык иш чараларды жасоо керек.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]