Өзбекстан аймактары

Википедия дан

Өзбекстан Республикасы 12 аймактан жана курамындагы Автономдуу Каракалпакстан Республикасынан түзүлгөн:

1. Анжыян 2. Наманган 3. Фергана 4. Ташкен 5. Сырдарыя 6. Жызак 7. Самаркан 8. Бухара 9. Навои 10. Кашкадарыя 11. Сурхандарыя 12. Хорезм

Өзбекстандын картасы
Өзбекстан аймактары
Бөлүнүшү Борбору Аянты (км кв) Калкы Номери
Анжыян облусу Анжыян шаары 4,200 1,899,000 2
Бухара облусу Бухара шаары 39,400 1,384,700 3
Фергана облусу Фергана шаары 6,800 2,597,000 4
Жызак облусу Жызак шаары 20,500 910,500 5
Хорезм облусу Үргөнч шаары 6,300 1,200,000 13
Наманган облусу Наманган шаары 7,900 1,862,000 6
Навоий облусу  Навои шаары 110,800 767,500 7
Кашкадарыя облусу Каршы шаары 28,400 2,029,000 8
Каракалпакстан Республикасы Нукус шаары 160,000 1,200,000 14
Самаркан облусу Самаркан шаары 16,400 2,322,000 9
Сырдарыя облусу Гулистан шаары 5,100 648,100 10
Сурхандарыя облусу Термез шаары 20,800 1,676,000 11
Ташкен облусу Ташкен шаары 15,300 4,450,000 12

Ташкен шаары жөнүндөгү маалыматтар Ташкен облусунун маалыматтарында камтылган.

Чек арасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Республиканын түндүгүндө жана түндүк-чыгышында Казакстан, чыгышында жана түштүк-чыгышында Кыргызстан менен Тажикстан, ал эми батышында Түркмөнстан менен жана түшүгүндө Афганистан менен чектешет. Чек араларынын узундугу Афганистан менен - 137 км. Казакстан менен - 2.203 км., Кыргызстан менен - 1.099 км., Тажикстан менен - 1.161 км. жана Түркмөнстан менен - 1.621 км.