Өсүмдүктүн азыктанышы

Википедия дан

Өсүмдүктүн азыктанышы - өсүмдүктүн өз тиричилигине керектүү азык заттарды айланачөйрөдөн сиңирип өздөштүрүү процесси. Өсүмдүктүн азыктанышында азык заттар айлана-чөйрөдөн өсүмдүк клеткасындагы цитоплазмага өтүп, өсүмдүккө мүнөздүү болгон химиялык бирикмелерге айланат. Азык заттардын синирилиши жана өздөштүрүлүшү (анаболизм), алардын ажырап бөлүнүшү (катаболизм) менен өсүмдүктө зат алмашуу процесси жүрөт. Өсүп турган өсүмдүк 80-90% суудан турат. Мындан тышкары өсүмдүк транспирация процессинде өзүнүн массасынан жүз эсе суу көп сарптайт. Өсүмдүктүн кургак затын көмүртек (45%), кычкылтек (42%), суутек (6-7%) жана минерал заттар (5-7%) түзөт. Өсүмдүктүн курамынан жер кыртышында кездешүүчү бардык химиялык элементтер табылган. Бирок Ө. а. үчүн көмүртек (С), кычкылтек (О), суутек (Н), калий (К), магний (Mg), натрий (Na), темир (Fe), кальций (Са), марганец (Мп) ж. б. элементтер өтө зарыл. Ар бир химиялык элемент өзүнө гана тиешелүү функцияны аткаруу менен бирге, өсүмдүк тиричилигинин башка процесстери менен тыгыз байланышта болот. Мисалы, көмүртек суутек жана кычкылтек менен бирдикте бардык орг. заттардын молекуласынын негизин түзөт. Бул үч элементтен турган заттар (углеводдор) өсүмдүктүн дем алуусундагы негизги заттар. Өсүмдүк клеткасынын кабыгы да полимер углеводдордон турат. Азык заттардын синирилиши жана ажырашы анын бардык орган, ткандарында жүрөт жана алар бири-бири менен байланышта болуп, өсүмдүк организминде тынымсыз зат айлануу процессин түзөт. Өсүмдүк жалбырагы аркылуу көмүр кычкыл газын (С02) жана тамыры аркылуу сууну (Н20) синирет да, фотосинтез процессинде аларды орг. заттарга айландырат. Тамыры менен өсүмдүккө суу, ошондой эле минералдык азык элементтер кирет. Тамыр клеткалары аркылуу сиңирген суу жана минералдык азык элементтер өсүмдүктүн экинчи өткөргүч системасы ксилема түтүкчөлөрү аркылуу өсүмдүктүн жер үстүндөгү органдарына жылат. Өсүмдүктүн азыктанышында келген жөнөкөй молекулалуу заттардан макромолекулалуу полимерлер пайда болуп, өсүмдүк ткандары түзүлөт. Өсүмдүктүн азыктанышы өсүмдүктүн тиричилик процесстерин, органдарынын өсүшүн, запас заттардын чогулушун жана тукумунун өөрчүшүң камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]