1 апрель
Көрүнүш
← апрель → | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | 2 | 3 | 4 | |||
5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 |
26 | 27 | 28 | 29 | 30 | ||
2024-ж. |
1 апрель — Григорий календары боюнча жылда 91-чи күн (толук жылдарда 92–чи күн). Жылдын аягына чейин 274 күн бар.
Майрамдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Эл аралык күлкү күнү (Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрү, Орусия, АКШ, Канада , Англия, Финляндия, Испания).
- - Эл аралык канаттууларды коргоо күнү.
- Иран - Ислам Республикасынын күнү (1979), Улуттук майрам.
- Кипр - Кипрдин улуттук майрам күнү.
- Мальта - Эркиндик күнү (1979).
- Сан-Марино - Улуттук майрам.
- ТАР - Үй-бүлө күнү.
- Украина - Одесса, Юморина
- Жапония - Мияко одори (весенний фестиваль танца).
Окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1984-жылы Кыргыз ССРи Өкмөтү жаш үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын оңдоо максатында процентсиз насыя берүү туурасында токтом кабыл алган.
- 2009-жылы Кыргызстанда тамеки продукцияларын жарнамалоого тыюу салынган.
- 2012-жылы МТВ каналы Кыргызстанда көрсөтүүсүн токтоткон.
- 1875-жылы Англиядагы "Таймс" гезити жуманын аба ырайын басып чыккан алгачкы гезиттерден болуп саналып калган.
- 1889-жылы Идиш жуугуч машина сатыкка чыккан.
- 1923-жылы Орусияда "Огонёк" журналы биринчи жолу жарык көргөн.
- 1925-жылы Израилдеги ири илимий жана окуу борбору болгон Иерусалим шаарындагы еврей университети негизделген.
- 1946-жылы Алеут аралдарында күчү 8,6 баллдык зилзала болгон.
- 1966-жылы Сенегалда биринчи жолу африка искусствосун кенен жайылтуу максатында эл аралык фестиваль ачылган.
- 1976-жылы Америкалык Стив Жобс өнөктөшү Стив Возняк менен бирге "Apple Computer" компаниясын негиздеген.
- 1987-жылы Америкалык Стивен Ньюмен 4 жыл мурун баштаган жерди жөө айланып чыгуу саякатын аяктаган.
- 1997-жылы Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин өлкөнүн бардык аткаминерлери орусиялык гана унааларда жүрө турган жарлыкка кол койгон.
- 2007-жылы “QUEST PISTOLS” тобу алгач ирет сахнага чыккан.
- 2011-жылы Пастор Терри Жонс Куранды өрттөгөндүгүнө кыжырданган эл аны камоо талабы менен Ооганстандын Мазари-Шариф шаарындагы БУУнун миссиясынын имаратына кирип барышкан
- 2014-жылы Юлия Тимошенконун Крымдын аймагына киришине тыюу салынган
Төрөлгөндөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1969-жылы Кикбоксчу Али Порсуков туулган.
- 1997-жылы Актёр Айбек Көкеев туулган.
- 1809-жылы Орус жазуучусу Николай Васильевич Гоголь төрөлгөн.
- 1905-жылы Бельгиянын 3 жолку премьер-министри Гастон Эйскенс туулган.
- 1974-жылы Француз актёру, каскадёр, акростритер Сирил Раффаэлли туулган.
- 1976-жылы Голландиялык футболчу жана машыктыруучу Кларенс Зеедорф туулган.
- 1983-жылы Орусиялык ырчы жана театр актёру Сергей Лазарев төрөлгөн.