Автоспорт
Көрүнүш
Автомобиль спорту (англ. autosport) — сериялык, спорттук жана жарышуу үчүн жасалган автомобилдер арасында мелдеш өткөрүүчү спорттун түрү[1].
Биринчи автомобилдик мелдештер 1894-ж. Францияда Париж — Руан — Париж маршруту боюнча өткөрүлгөн. Мелдеште автомобилдердин бекемдигине, айдап жүрүү жеңилдигине, айдоочунун коопсуздук эрежелерин сактоосуна жана бензин сарптоосуна баа берилет. Россияда биринчи автомобилдик мелдеши 1898-ж. Петербургга жакын жерде болгон.
СССР убагында автомобилдик мелдеши биринчи жолу 1924-ж. Серпухов шоссесинде уюштурулуп, 1948-жылдан бери дайыма өткөрүлүп келеген. Бир катар райондо ачылган автомобилдик клубдар автоспорттун өнүгүшүнө чоң роль ойногон.
Азыркы учурда Кыргызстанда автоспорт өнүгө элек.
Автоспорттун түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Айланма автожарышуулар
- Чыдамкайлык жарышуулар
- Ралли
- Трофи
- Автокросс
- Автослалом
- Автотриал
- Дрэг-рейсинг
- Дрифт
- Картинг
- Өмүр үчүн жарыш
-
Кеч болсо дагы, жарышуу эми гана башталды.
-
Раллиде унаалар бир гана жөнөкөй жолдор менен жүрүшөт.
-
Асфальттанган жолдогу жарыш.
-
Дрифт — бул унаадагы «музбий».
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
- ↑ Легендарлуу спорттук унааларды тарыхы. Текшерилген күнү 22 -июль (теке) 2021. Түп булактан архивделген күнү 19 -июль (теке) 2020.