Азербайжан тили
Азербайжан тили (азе. Azərbaycan dili, آذربایجان دیلی, Азәрбајҹан дили) ― Азербайжандын мамлекеттик тили, жергиликтүү калктын жана Иран, Ирак, Ооганстан, Грузия, Армения, Дагстан жана Борбордук Азияда жашаган азербайжандардын тили.
Расмий аталышы: |
Azərbaycan dili |
---|---|
Өлкөлөр: | |
Расмий статусу: | |
Колдонгондордун жалпы саны: |
35 миллион чакты[1] |
Классификациясы | |
| |
Жазылышы: | |
Тилдер коду | |
ISO 639-1: |
az |
ISO 639-2: |
aze |
ISO 639-3: |
azj, azb |
Түрк тилдеринин түштүк батыш же огуз тобуна кирет. 7-11-кылымда түрк тилдүү уруулардын (огуз, селжук) Азербайжан жерине келиши менен жергиликтүү элдердин мурда колдонгон тилдери сүрүлүп, 11-13-кылымда жергиликтүү элдердин оозеки тили түрк тили болуп, ал азербайжан адабий тили катары калыптана баштаган. Азербайжан тилинде 4 диалектилик топ белгиленет: чыгыш тобу, түштүк тобу, батыш тобу, түндүк тобу. Азербайжан адабий тили шемахи жана бакы диалектилеринин негизинде 19-кылымда калыптанган. Азербайжан тили өзүнүн грамматикалык, лексикалык белгилери боюнча азыркы түрк, түркмөн, гагауз, башкача айтканда, огуз тобундагы тилдерге жакын. Кээ бир фонетикалык өзгөчөлүктөрү боюнча ногой, кумык, өзбек тилдери менен да жакындашат. Азербайжан тилинде 9 үндүү, 23 үнсүз тыбыш бар. 1929-ж. чейин араб графикасын колдонгон, ошол жылдан латын, э, ө, ү тамгаларын кошумчалап, 1940-ж. орус графикасына өткөн. Азыр кайрадан латын графикасын колдонот.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1