Ак-Булак (Түп району)
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Ак-Булак
|
Ак-Булак — Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Ак-Булак айыл аймагына кирет.
Ысык-Көл ойдуңунун түндүк чыгышында, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Каракол шаарынан 42 км, райондун борбору Түп кыштагынан 15 км түндүк-батышта, Балыкчы бекетинен 178 км аралыкта жайгашкан.
Күрмөнтү цемент жана кыш заводдору бар. Ал жылына республикада өндүргөн клинкердин 8,5%ин (83 миң т), цементин 8,0%ин (97,1 миң т) иштеп чыгарат. Орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.
1961-жылы 23-сентябрда шаар тибиндеги поселогу макамына ээ болгон, 2012-жылы 27-сентябрда айыл категориясына киргизилген жана анын базасында Ак-Булак айыл аймагы түзүлгөн.[2].
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы ― 1062 киши (2009-жылы[1]).
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ № 168 "Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө" КРнын Мыйзамы, 8-берене, 27-сентябрь 2012-жыл.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine. — Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. — 728 б. —ISBN 9967-14-006-2
Түп районунун калктуу конуштары | ||
---|---|---|
Балбай айыл аймагы | Балбай • Ак-Булак • Ак-Булуң • Беловодский • Кутургу • Кичи-Өрүктү • Күрмөнтү • Ой-Булак • Ой-Тал • Фрунзе | |
Каркыра айыл аймагы | Талды-Суу • Байзак • Жылуу-Булак • Ичке-Суу • Каркыра • Кең-Суу • Көөчү • Корумду • Сан-Таш • Сары-Тологой • Чоң-Таш | |
Карасаев айыл аймагы | Миң-Булак • Арал • Долон • Кош-Дөбө • Сары-Дөбө • Тасма • Токтоян • Чоң-Тогуз-Бай | |
Түп айыл аймагы | Түп • Бирлик • Шаты | |
Ысык-Көл айыл аймагы | Михайловка • Сары-Булуң • Тогуз-Булак • Ысык-Көл • Ынтымак |