Алиппе

Википедия дан

Алиппе - Араб жазуусундагы эки алгачкы тамгалардын аттарынан (Алиф жана Ба) аталып калган.баланын сабатын ачуу, окууга жана жазууга үйрөтүүчү баштапкы окуу предмети. Баланын эң алгачкы, эң кичинекей энциклопедиясы болгон бул китеп балага эне тилинин мүнөздүү белгилери, дүйнө, айлана-чөйрө, Ата Журту, анын улуттук ыйык символдору, тарыхы, географиясы, элинин маданий салттары, элдик таалим-тарбия үлгүлөрү, үлгү туткан адамдары, өлкөнүн учурдагы түрдүү тармактагы жетишкендиктери ж.б. туурасында маалыматтарды өзүнө топтоо менен, балага таанытат. Ошондуктан, алиппе – балага тамга таанытуучу гана эмес, дүйнө тааныткыч, Ата Журтун таанып билдиргич, элдик таалим-тарбиянын эң негизги үлгүлөрүн үйрөтүүчү өзгөчө окуу китеби.

Алиппеге чейинки мезгил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектепке чейинки курактагы балдарга эне тилиндеги тыбыштарды таанытып, аларды өз алдынча жана сөздөрдө, кыска сүйлөмдөрдө туура айттыруу, оюнчук, сүрөттөрдү, көрсөтмө башка каражаттарды пайдаланып, артикуляциялык көнүгүүлөрдү уюштуруу. Бул мезгилде тарбиячылар китептеги сүрөттөрдү, көрсөтмө буюмдарды, сөз үлгүлөрүн пайдаланып, сүйлөм, сөз, муун, тыбыш, тамга деген түшүнүктөрдү балдардын туура өздөштүрүшүнө, эне тилинин жана ой-жүгүртүүсүнүн өнүгүшүнө таасир этүүчү көнүгүүлөрдү уюштурушат.

Бүгүнкү күндө кыргыз мектептеринде он үчүнчү «Алиппе» колдонулууда. Ишеналы Арабаев түзгөн кыргыздын туңгуч алиппеси 1924-жылы реформаланган араб алфавитинде жарык көргөн. Улуттук «Алиппе» китеби мазмуну жана түзүлүшү, билим жана тарбия берүүчүлүк мүмкүнчүлүгү боюнча уламдан-улам өркүндөп келатат. Ал өзүнчө бүтүн комплексти түзүп турат, ага: «Алиппе» китеби, «Алиппе дептери», «Кесме тамгалар», «Шайыр тамгалар», «Методикалык колдонмо», «Класстан тышкары окутулуучу хрестоматия» кирет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97