Борбордук Европа
Борбордук Европа (англисче - ) – Батыш Европанын чыгыш өңүрүн ээлеген тарыхый ири аймактын аталышы.
Борбордук Европа чөлкөмүнө төмөнкү европалык мамлекеттердин аймагы кирет:
- Австрия (немисче - Mitteleuropa, Zentraleuropa)
- Венгрия (мажарча - Közép-Európa)
- Германия (немисче - Mitteleuropa, Zentraleuropa)
- Польша (полякча - Europa Środkowa)
- Словакия (словаакча - Stredná Európa)
- Чехия (чехче - Střední Evropa)
- Швейцария (французча - Europe centrale, италиялыкча - Europa centrale)
Калкы. Этностук топтору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эли. Улуттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Немис улуту (Deutsche) — герман тил тобуна кирген улут, Германиянын негизги улуту.
- Венгр улуту (мажар улуту) (Magyarok) — угор-фин тил тобуна кирген улут, Венгриянын негизги улуту.
- Поляктар (Polacy) — славян тилдерине кирген улут, Польшанын негизги улуту.
- Чех улуту (Češi) – славян тилдерине кирген улут, Чехиянын негизги улуту.
- Словактар (Slováci) — славян тилдерине кирген улут, Словакиянын негизги улуту.
- Моравтар — славян тилдүү эл. Чехияда жашайт.
Бул аймакта өздөрүн "рома" деп атаган борбордук европалык сыгаандар, жөөттөр жана башка азчылык улуттардын өкүлдөрү да жашашат.
Тилдер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Немис тили (немисче: Deutsch, Deutsche Sprache) — немистердин, австриялыктардын, ошондой эле швейцариялыктардын бир бөлүгүнүн эне тили, Германия, Австрия, Лихтенштейндин расмий тили, ошондой эле Швейцария, Люксембург жана Бельгиянын расмий тилдеринин бири.
- Венгр тили (мажарча: Magyar nyelv. Бул урал тилдеринин фин-угор тобунун угор тил тобуна кирет.
- Поляк тили (эски аталышы. лях тили; język polski, polszczyzna). Бул тил индоевропалык тилдердин славян бутагынын батыш славян тобуна кирет.
- Словак тили (словакча: slovenčina, slovenský jazyk) Бул тил индоевропалык тилдердин славян бутагынын батыш славян тобуна кирет.
- Словен тили (словенче: slovenski jezik, slovenščina) Бул тил индоевропалык тилдердин славян бутагынын түштүк славян тобуна кирет.
- Чех тили (чехче: čeština) Бул тил индоевропалык тилдердин славян бутагынын батыш славян тобуна кирет.
Борбордук Европа термининин мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Борбордук Европа - көбүнесе географиялык эмес, тарыхый чөлкөм.
Аны Европанын башка жагынан кескин бөлгөн эч кандай табигый чек ара (деңиз, тоо кыркасы, дарыя ж.б.) жок.
19-кылымга чейин бул чөлкөм негизинен эки ири падышалыкка - Габсбург сулалесинин дөөлөтүнө жана Речь Посполитая деген дөөлөткө баш ийген, бирок этностук жактан ар кыл мүнөзү сакталган.
Фридрих Науман Биринчи дүйнөлүк согуш маалында алгачкы жолу "Борбордук" же "Чордондук" Европа терминин колдонуп өзүнчө жобосун сунуштаган (Mitteleuropa (немисче — чордондук Европа). Анда бул аймак Германиянын таасири астында болушу керек, бирок аймактагы өлкөлөр ич ара кызматташтыгын өздөрүнө пайдалуу негизде чыңдашы зарыл деген ой камтылган.
"Борбордук Европа" менен байланыштуу жаңы ойлор 1980-жылдары курч талкууга алына баштаган.
Чех сатириги Милан Кундера өзүнүн 1980-жылдардагы эсселеринин биринде "Борбордук Европаны ага жат Чыгыш, б.а. СССР уурдап алды, эми бул аймакты Батыш Европага кайтаруу керек" деген ойду жазган.
Бул аймактагы коммунисттик режимдер 1989-жылы кулаган соң, Борбордук Европа чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ич ара кызматташтыгы тууралуу концепция жаңы реалдуулукка ээ болгон.
Адабият тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Krejčí, Oskar: «Geopolitics of the Central European Region. The view from Prague and Bratislava». Bratislava: Veda, 2005. 494 p.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.economist.com/displayStory.cfm?Story_ID=E1_PRSTNSV
- Алексей Миллер. «Борбордук Европа» тууралуу талкуулар (орусча)
- Ярослав Шимов. «Борбордук Европа» тууралуу
- Ярослав Шимов. «Борбордук Европа» тууралуу (орусча)
- Krejčí, Oskar: «Geopolitics of the Central European Region. The view from Prague and Bratislava» Archived 2006-08-16 at the Wayback Machine Bratislava: Veda, 2005. 494 p. (Акысыз жүктөп алууга болот).