Эчки

Википедия дан
Эчки.

Эчки (лат. capra, hircus)— сүт эмүүчүлөр түркүмүнүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу, кепшөөчү үй жаныбары. жалпы эле бакма эчкилердин эркеги.

Орто Азияда б. з. ч. миндеген жылдар мурда эле колдо асыралган. Түпкү теги - безоар жана бургу мүйүз Э., ошондой эле тукум курут болгон бир түрү белгилүү. Азыр дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө багылат. Сүт, эт, тери, жүн жана тыбыты кеңири пайда ланылат. Орточо эсеп менен 9-10 жыл, айрымдары 17 жыл жашайт, чарбада 7-8 жашка чейин кармалат. Эчки тез жетилип, куутка 14-18 айлыгында (чебич кезинде) кошулат. Ар 100 эчкиден 120-200 улак алынат. Айрым тубар эчки 3-4 улак тууйт. Тоют жетиштүү болуп, жакшы багылган Э-лер жылына эки жолу төлдөйт. Текесинин тирүүлөй орточо салмагы 60-65 кг (чоңу 100 кг), эчкисиники 35-50 кг. Сүт породасындагы Эчкилерден жылына 450-550 кг (мыктыларына 1000 кг) сүт саалат. Сүтүнүн майлуулугу 3,84,5%. Жүн породасындагы Э-нин текесинен 46 кг, эчкисинен 2-3 кг жүн кыркылат. Жүнүнүн уз. 16-28 сж. Тыбыт багытындагы эчкиден 0,20,5 кг, айрымдарынан 1,0 кгга чейин тыбыт таралат. Бордолгон эчкиден 20-28 кг зт, 4-6 кг май чыгат. Эчкилер колдон тоюттандырууну анча талап кылбайт. Ар кандай жер шартына тез эле байырлашат, ылаңга да туруктуу келет.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Bio-stub