Жан
Жан (грек. psyhe; лат. anima ) – адамдын психикасына жана ички дүйнөсүнө карата тарыхый жактан өзгөрүлүп туруучу көз караштарды туюндурган түшүнүк, көпчүлүк учурда «психика» термининин синоними катары колдонулат.
Мазмуну |
Жан түшүнүгү [оңдоо]
Жан түшүнүгү адамдын жана жаныбарлардын денесинде (кээде өсүмдүктөрдө) жашап, алар уктаганда же өлгөндө таштап кетүүчү өзгөчө күч жөнөндөгү анимисттик ой жүгүртүүлөргө барып такалат.
Индус философиясында [оңдоо]
Индиянын диний философиясындагы, орфиктер менен пифагорчулардын ж. б. концепцияларындагы метемпсихоз (жандын орун которушу) жөнүндөгү окууга байланышкан.
Индус философиясынын мектептеринде Жан жөнүндөгү окуу атман концепциясын – субъективдүү рухий башталыштын, жекече «Мендин» нугунда өнүккөн. Жандын болбостугу, анын куру кыялда гана жашоосу тууралуу теория менен бурканчылык чыгып, ал Жан жашоонун психофизикалык элементтеринин тынымсыз агымы – Дхарм менен алмашылып турат деп эсептеген.
Байыркы Грек натурфилософиясы [оңдоо]
Байыркы грек натурфилософиясы жалпы космосту жандуу деп эсептеген (гилозоизм). Платон жана неоплатонизм дүйнөлүк Жанды болмуштун универсалдуу принциптеринин бири деп эсептеген окууну өнүктүргөн. Аристотелдин түшүнүгүндө Жан – жандуу денеден бөлүнбөс активдүү, максаттуу башталма («форма», энтелехия) («Жан жөнүндө»трактат). Орто кылымдагы христиан жана мусулман философиясынын ортодоксалдуу теисттик концепцияларында адамдын Жан – Кудай жараткан өлбөс – өчпөс кайталангыс руханий башталма дешсе, пантеисттик авероизм аны бирдиктүү рухий субстанциянын жекече көрүнүшү деп эсептейт.
Жаңы европалык философия [оңдоо]
Жаңы европалык философияда Жан термини сөздүн чыныгы маанисинде адамдын ички дүйнөсүн, анын жекече аң-сезимин түшүндүрүү үчүн колдонула баштаган. Декарттын дуалисттик философиясы жан менен денени өз-өзүнчө эки бөлөк субстанцияга бөлсө, Лейбниц жанды жабык субстанция, монада катары карайт. Кант Жан түшүнүгүн тажрыйбанын чегинен адамдын таанып билүүчү мүмкүнчүлүгүн шарттаган трансценденталдык идеялардын тармагында өткөрөт.
19-кылымдын ортосунан өнүгө баштаган эксперименталдык психологияда Жан түшүнүгү бир кыйла деңгээлде психика түшүнүгү менен сүрүлүп чыгарылат. 19-кылымда Жан түшүнүгү философиянын алкагынан бара-бара сүрүлүп, Шопенгауэрдин жашоого эрк концепциясы, Э. Гартмандын аң-сезимдик жөнүндөгү окуусу, Беркондун жашоого кумарлыгы, Фрейддин психоанализи, Ясперстин психопаталогиясы – ушулардын баары жанды таанышпагандары менен Жан жөнүндөгү илим катары психология тарыхынын бийик белестери.
Колдонулган адабияттар [оңдоо]
- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8