«Азаттык» радиостанциясы

Википедия дан

«Азаттык» радиостанциясы – эл аралык көз карандысыз радиостанция; «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (Radio Free Europe/Radio Libtrty Inc) Кыргыз уктуруу кызматынын расмий аталышы. Чехиянын борбору Прагада жайгашкан.

1949-ж. мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада жашаган калктар үчүн «Эркин Европа» радиосу түзүлгөн. 1953-жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн «Азаттык» радиосу ачылган. Бул эки компания 1975-ж. бириккен. «Эркин Европа/Азаттык» радиосу учурда дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктурат. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат.

«Азаттыктын» «Түркстан редакциясынын» курамындагы кыргызча берүүлөрдү биринчи жолу Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган. Ал өзүнүн туңгуч берүүсүн 1953-ж. 18-мартта Германиянын Мюнхен шаарында обого чыгарган.
1967-ж. «Түркстан редакциясы» экиге бөлүнүп, анын бирөө «Түштүк Түркстан» деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экинчиси «Түндүк Түркстан» редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган.
1975-ж. аталган редакциялар өз өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы «Азаттык») Т. Жакып уулу (1975-84), А. Алтай (1984-88), А. Өзгөн (1989-95), М. Газы (1995) жана америкалык түрколог, доктор Чарльз Карлсон (1996-2002), 2003-жылдын 1-январынан тарых илимдеринин доктору, профессор Т. Чоротегин жетектеди. 2010-жылдын 1-октябрынан Венера Сагындык кызы Жуматаева жетектөөдө.

«Азаттыктын» Бишкектеги бюросун Т. Чоротегин (1991-95 жана 1996-98), Э. Нурушев (1995), С. Жигитов (1995-96), К. Молдокасымов (1998-2005), К. Оторбаев, (2005-2010) жетектеди. Азыркы бюро башчысы - Айзада Касмалиева.

Мурда Кыргызстандагы бөлүмү катары КРнын Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй иштеп келсе, 2005-жылдын 31-мартында юридикалык жактан катталган. Анын Кыргызстанда кырктан ашуун кабарчысы бар.

Ар күнкү беш сааттык, башкача айтканда эртең мененки эки сааттык жана кечки үч сааттык берүүсүндө дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы кызыктуу адабий жаңылыктарга, коомдук-саясий окуяларга арналган программалары уктурулат. Ошондой эле Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясы (КТР) менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2005-жылдан «Ыңгайсыз суроолор», 2006-жылдан жаштарга арналган «Азаттык Плюс» жумалык телекөрсөтүүлөрүн тартуулайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1