Айлардын кыргызча аталышы

Wikipedia дан

Жер планетасындагы жыл, адатта, он эки айга бөлүнөт. Кыргыз эли байыркы замандан бери жыл сүрүү, анын ичинде ай аталыштарын колдонуу боюнча өз алдынча системаны да пайдаланып, эл аралык тажрыйбаны да эске алып келген.

Кыргызча айлардын аттарын сыпаттап берүүдө Евразияда, анын ичинде Борбордук Азияда таркаган жыл эсебинин системаларын туура таразалоо керек.

Биринчиден, Борбордук Азияда ар кыл түрдө жыл эсеби жүрүп келген. Бири - күн жылнаамасына (календарына) негизделсе, экинчиси - ай жылнаамасына таянган.

Күн эсеби менен бир жыл 365 (366) күн болсо, ай эсеби менен 354 (355) күн болгон.

Бул айларды европалык салттын айына механикалык которуу кылуу туура эмес, анткени орустун айы күн эсеби менен эсептелген айдан 20 (21) күн айрымасы бар.

Этнограф Гродеков тарабынан жазылган айдын аттары араб тилиндеги күн эсеби менен жазылган айлардын аттары. Бул ай эсеби Борбордук Азияда, Иран, Ооганстан, Пакистан жана Индиядада колдонулат. Арабча деп жазылган ай календарына негизделген ай аттары Ислам дининин жыл эсеби болуп бардык мусулман өлкөлөрүндө колдонулат.

Кыргыздын нагыз ай аттарын ирээттөө жана аларды азыркы европалык календарга салыштырма тогоштуруу - академик, профессор Кусейин Карасаевдинвариантында ийгиликтүү жүзөгө ашырылган.

Кыргызча Орусча Уйгурча Арабча Казакча
1 Жалган Куран Март Үчүнчү ай Мухаррам жыл башы Наурыз
2 Чын Куран Апрель Төртүнчү ай Сафар Сәуір
3 Бугу Май Бешинчи ай Рабигуль-авваль Мамыр
4 Кулжа Июнь Алтынчы ай Рабигуль-ахыр Маусым
5 Теке Июль Жетинчи ай Жумадиль-авваль Шілде
6 Баш Оона Август Сегизинчи ай Жумадиль-ахыр Тамыз
7 Аяк Оона Сентябрь Тогузунчу ай Ражаб Қыркүйек
8 Тогуздун айы Октябрь Онунчу ай Шабан Қазан
9 Жетинин айы Ноябрь Он биринчи ай Рамазан Қараша
10 Бештин айы Декабрь Он экинчи ай Шавал Желтоқсан
11 Үчтүн айы Январь Биринчи ай Зулькаада Қаңтар
12 Бирдин айы Февраль Экинчи ай Зульхижжа Ақпан


1889-жылы Н.И.Гродеков тарабынан жазылып алынган казак, кыргыздарынын ай аттарынан:

Делү - январь (челек-чака)
Кут - февраль (балык)
Камал - март (козу)
Соор - апрель (бука)
Жүзө - май (эгиз)
Саратан - июнь (рак)
Асат - июль (арстан)
Сүмбүл - август (машак)
Мыйзам - сентябрь (тараза)
Акрап - октябрь (чаян)
Коос - ноябрь (жаа)
Жеди - декабрь (улак)

Айтмакчы, ай календарына негизделген араб ай аттары мында салыштырмалуу түрдө берилди, анткени, маселен, мухаррам айы күн календарындагы бардык айларга акырындап жылып отуруп өтө берет (бул күн календарындагы жылга караганда, ай календарындагы жылдын дээрлик 10 күнгө кыска болушуна багыныңкы).

Жыл сүрүүнүн мындай өзгөчөлүгүн эске албастан, айрым календар чыгаруучулар калпыстык менен араб ай календарынын аттарын кыргыздын күн календарынын ай аттарына жармаштыра беришет.

Кыргыздын жыл сүрүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Жыл сүрүү менен байланыштуу 12 жаныбардык циклди колдонуу салты жалпы түрк-монгол көчмөн цивилизациясынын байыркы орток башатына байланыштуу.

Кыргыз элинин уламыштарынын биринде анын келип чыгуу себеби төмөндөгүдөй баяндалат: чыгып келаткан күндү биринчи көргөн жандын атынан жыл эсеби башталат дегенди угуп, таң аткыча уктабай чыгыш тарапты карап турган төөдөн акылдуулук кылып, анын төбөсүнө (кулагына) чыгып алган чычкан таңкы күндү биринчи көргөндүктөн, жыл эсеби анын атынан аталып калган; буга ачууланган төө жыл эсебине таптакыр кирбей койгон имиш.

Ысык-Көлдөгү Барскан шаарында 1029-1038-жылдар аралыгында туулган Махмуд Кашгари Барскани да он эки жаныбардын ысымына негизделген системанын келип чыгышы тууралуу бир уламышты мындан он кылым илгери, 1072-1077-жылдары жазылган "Дивану лугати т-түрк" - "Түрк тилдеринин сөзжыйнагы" эмгегинде таасын чагылдырган.

Жыл сүрүүнүн 12 жылдык циклинин биринчи жылы “чычкан”, экинчиси “уй”, үчүнчүсү “барс”, төртүнчүсү “коён”, бешинчиси “улуу” (кытайча “лу” – “ажыдаар”), алтынчысы “жылан”, жетинчиси “жылкы”, сегизинчиси “кой”, тогузунчусу “мечин” (“маймыл”), онунчусу “тоок”, он биринчиси “ит”, он экинчиси “доңуз”аталат.

Кыргызча жыл сүрүүнүн азыркы календарь боюнча берилиши[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Чычкан 1924 1936 1948 1960 1972 1984 1996
  2. Уй 1925 1937 1949 1961 1973 1985 1997
  3. Барс 1926 1938 1950 1962 1974 1986 1998
  4. Коён 1927 1939 1951 1963 1975 1987 1999
  5. Улуу 1928 1940 1952 1964 1976 1988 2000
  6. Жылан 1929 1941 1953 1965 1977 1989 2001
  7. Жылкы 1930 1942 1954 1966 1978 1990 2002
  8. Кой 1931 1943 1955 1967 1979 1991 2003
  9. Мечин 1932 1944 1956 1968 1980 1992 2004
  10. Тоок 1933 1945 1957 1969 1981 1993 2005
  11. Ит 1934 1946 1958 1970 1982 1994 2006
  12. Доңуз 1935 1947 1959 1971 1983 1995 2007

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  • Али Дашман. Кыргыз жана түрк тилиндеги ай аттары //(Бишкек, 2006), КУУнун жарчысы, Сер.1.-№ 4.-Б., 2006.-338-340-б.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]