Альп бүктөлүүсү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Alpiner Gebirgsgürtel.png

Альп бүктөлүүсү — кайнозой заманындагы ири бүктөлүүлөр. Мезозой менен алгачкы палеоген мезгилиндеги геосинклиналдардын чегинде болуп, жаш тоолордун жаралышы менен аяктаган. Мисалы, Альп тоолору (термин анын атынан аталган), Пиреней, Андалузия, Апеннин, Карпат, Динар, Крым, Кавказ кыркатоолору, Африканын түндүгүндөгү Атлас, Азиядагы Понт, Тавр, Түркмөн-Хорасан, Загрос, Сулайман, Гималай тоолору, Бирма, Индонезия тоо тизмектери, Камчатка жарым аралы, Япон, Филиппин аралдары, Аляска менен Калифорниянын Тынч океан тарабындагы кыркатоолору, Түштүк Америкадагы Анд тоолору, Австралиянын чыгыш жагын курчап жаткан архипелагдар (Жаңы Гвинея, Жаңы Зеландия аралдары менен бирге) ж. б. кирет. Аталган жерлердин айрым бөлүктөрүндө мезозой заманында да бүктөлүү кыймылдары болуп өткөн. Европа менен Азияда жайгашкан бүктөлүү системалары А. Д. Архангельский менен Н. С. Шатский тарабынан (1933) өзүнчө альп бүктөлүү аймагы деп бөлүнгөн. Альп бүктөлүүсү жеке эле геосинклиналь аймактарын бийик көтөрбөстөн, платформалуу жерлерди да тоолуу өлкөгө айландырган. Буларга Европадагы Юра тоолорун, Пиреней жарым аралынын бир топ бөлүгүн, Түндүк Африкадагы Атлас тоолорунун түштүк тарабын, Орто жана Борбордук Азиядагы Теңир-Тоо, Ысар тоолорун, Памир тоосунун түндүк бөлүгүн, Түндүк Америкадагы Аскалуу тоонун чыгыш тарабын, Түштүк Америкадагы Анд тоолору менен Антарктидадагы Антарктида жарым аралын кошууга болот. Орто жана Борбордук Азиядагы тоо аралык ири ойдуңдардын (Фергана, Цайдам ж.б.) пайда болушу да Альп бүктөлүүсүнө байланыштуу. Альп бүктөлүүсү болгон жерлерде күчтүү тектоникалык кыймылдар (жер титирөөлөр, жанар тоолордун атылышы) азыр да жүрүп турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]