Мазмунга өтүү

Андрей Бубенов

Википедия дан

Бубенов Андрей Леонтьевич – 19-кылымдын биринчи жарымында падышалык бийликтин Түндүк-Чыгыш Казакстандагы өкүлү.
Семей шаарында ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген.


1813-жылы казак-кыргыз конуштары аркылуу Чыгыш Түркстанга жөнөтүлгөн көпөс Миркурбан Ниязовдун соода кербени менен Кыргызстанга келген.

Шапак, Шералы, Эшим жана башкалар бийлердин Түп суусунун боюндагы конушунда жылуу маанайда кабыл алынган жана Батыш Сибирь бийликтеринин катын тапшырган. Кыргыз бийлери жооп иретинде көпөстөрдү каалаган жерлерине чейин узатып бара тургандыктарын билдиришкен. Шералы бийдин уулу Ажыбай кербенди Чыгыш Түркстандагы Аксууга бараткан жолдогу Үчтурпан шаарына чейин узатып барган. Бубенов көпөстөр менен Чыгыш Түркстандан кыргыз конуштарына кайтып келгенден кийин Шералы жана Ниязбек бийлер Сибирь линиясынын башчысы Глазенапка кат жазып, өзүлөрүнүн өкүлдөрүн жөнөтүшкөн.
21-ноябрда Бубенов кыргыз өкүлдөрү Качыбек жана Жакыпбек менен бирге Ысык-Көлдөн чыгып, 1814-жылы 5-январда Семей чебине келишкен. Сибирь бийликтери тарабынан кабыл алынган кыргыз өкүлдөрү өзүлөрүнүн конуштары аркылуу Кытайдын Аксуу, Кашкар, Тибет, Жаркен шаарына жана Кашмирге каттаган кербендерге колдоо көрсөтөрүн айтышкан жана өз элинин атынан императордун бийлигине өтүүнү каалагандыктарын билдирүү үчүн Санкт-Петербургга императорго жөнөтүүнү талап кылышкан. Борбордун алыстыгына байланыштуу элчилерди Тоболдогу генерал-губернатор кабыл алган.
1815-жылы жайында кыргыз элчилери мекенине кайтышкан. Бубеновдун кыргыз конуштарына келиши 19- к-дын акырынан бери үзүлүп калган кыргыз-орус байланышын калыбына келтирген.
1824-жылы 31-декабрда бугу уруусунун бийлери Акымбек Олжобаев, Алгазы Шералин, Алымбек Жапалаков баштаган өкүлдөр Семейге келген, андан 1825-жылы январь айында Омскиге барышкан. Алар бугу уруусунун арык, белек, желдең уруктарынын атынан Россиянын букаралыгына өтүүнү каалагандыктарын билдиришкен.
1827-жылы 30-мартта Бубенов кыргыз конуштарына кайрадан келген жана аталган элчилерге Батыш Сибирь бийликтеринин белектерин тапшырган. Бубенов бир айдан ашык бугу уруусунун конушунда болуп, алардын турмушу жана ысыккөлдүк кыргыздардын өз ара мамилелери, саясий абалы менен таанышкан.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)


  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]