Анын акыркы саламы
Jump to navigation
Jump to search
Анын акыркы саламы | |
---|---|
![]() | |
Автору | Артур Конан Дойль |
Нукура аталышы | His Last Bow |
Сүрөтчүсү | Пэджет, Сидни |
Өлкөсү | Бирдиктүү Падышалык |
Тили | Англис тили |
Сериясы | Шерлок Холмс |
Жанры |
детективдүү адабият, аңгеме |
Оригинал чыккан жылы | 1917-жылы 22-октябрьда |
Медианын түрү | Китеп |
Беттери | 305 |
ISBN | NA |
Мурункусу | Коркунуч өрөөнү |
Кийинкиси | Шерлок Холмстун архиви |
«Анын акыркы саламы» (англ. His Last Bow) — биринчи жолу 1917-жылы жарыкка чыккан Артур Конан Дойльдун сегиз детективдүү аңгемесин камтыган жыйнак. Британиялык басмасында сегиз аңгемени, ал эми америкалык басылма өзгөчөлөнүп жети аңгемени камтыйт. Америкалык басылмада «Картон кутусу» аңгемесин «Шерлок Холмстун эскерүүлөрү» жыйнагына киргизилген. 1908-1913 жылдары жарыяланган аңгемелерди, жана 1917-жылы жаратылган аңгемесин камтыйт. Алгач жыйнак «Reminiscences of Sherlock Holmes» деп аталып, «Анын акыркы саламы» аңгемесин камтыбаган. Ал аңгемени кошкондон кийин аталышы да өзгөртүлгөн.
Мазмуну[оңдоо | булагын оңдоо]
№ | Аңгеме | Оригинал аталышы | Окуя убакыты | Чыккан жылы | Эскертүү |
---|---|---|---|---|---|
1 | «Вистерия-Лодж окуясы» | The Adventure of Wisteria Lodge | 1892, марттын аягы | 1908 | Шерлок Холмс циклынын ичинен полиция кызматкери акылдуу жана тапкыч катары көрсөтүлгөн жалгыз аңгеме. |
2 | «Картон кутусу» | The Adventure of the Cardboard Box | 1888, август (болжолдуу) | 1892 | Первоначально входил в сборник Алгач «Шерлок Холмстун эскерүүлөрү» жыйнагына кирген, британиялык басылмада, анан америкалык басылмада «Анын акыркы саламы» жыйнагына киргизилген. Ошондон бери «Анын акыркы саламы» жыйнагына кирет. |
3 | «Кызыл шакек» | The Adventure of the Red Circle | 1902 (болжолдуу) | 1911 | |
4 | «Брюс-Партингтондун чертёжу» | The Adventure of the Bruce-Partington Plans | ноябрь 1895 | 1912 | |
5 | «Сыщик өлүм алдында» | The Adventure of the Dying Detective | 1890, ноябрь (болжолдуу) | 1913 | Холмс кылмышкерлерди кармаш үчүн, алардын деңгээлине чейин түшүп, калп өлүм алдында турган адам болгон жалгыз аңгеме. |
6 | «Фрэнсис Карфэкс айымдын жоголуусу» | The Disappearance of Lady Frances Carfax | болжол менен 1901 | 1911 | Каармандар Англиядан тышкары чыккан аңгемелердин бири. Ватсон Лозаннага, Баден жана Монпельеге барат. |
7 | «Шайтан буту» | The Adventure of the Devil's Foot | март, 1897 | 1910 | Холмс кылмышкерди бийликке берген жок. |
8 | «Анын акыркы саламы» | His Last Bow | август 1914 | 1917 | Баяндоо үчүнчү адамдан жүргүзүлгөн эки аңгеменин бири. Алгач бул аңгеме Reminiscences of Sherlock Holmes деп аталган жыйнакка кирген эмес. Аңгеме жазылып, жыйнакка кошулгандан кийин жыйнктынн аты да өзгөртүлгөн. |
Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
|