Шерлок Холмстун укмуштуу окуялары

Википедия дан
Шерлок Холмстун укмуштуу окуялары
Баяндама
Нукура аталышы The Adventures of Sherlock Holmes
Өлкөсү Бирдиктүү Падышалык
Тили Англис тили
Сериясы Шерлок Холмс
Жанры детективдүү адабият,
аңгеме
Медианын түрү Китеп
Беттери 307
ISBN 978-5-91181-591-2
Мурункусу Төртөөнүн белгиси
Кийинкиси Шерлок Холмстун эскерүүлөрү

"Шерлок Холмстун укмуштуу окуялары" — Артур Конан Дойлдун калемине таандык 12 кыскача аңгемелер топтому. Анда башкы каарман ойдон чыгарылган детектив Шерлок Холмс. Ал биринчи жолу 1892-жылы 14-октябрда жарык көргөн. Өз-өзүнчө аңгемелер The Strand Magazine журналында 1891-жылдын июнунан 1892-жылдын июлуна чейин чыгарылып турган. Окуялар хронологиялык тартипте баяндалган эмес жана бардык 12 бөлүмдөгү жалпы каармандар — булар Холмс менен доктор Уотсон болуп эсептелишет.

Фон[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шерлок Холмс сериясынын биринчи аңгемелери. Алгач Strand Magazine журналында 1891-жылдын июлунан 1892-жылдын июнуна чейин бир аңгеме катары басылып чыгарган. Биринчи китеп Англияда 1892-жылдын 14-октябрында George Newnes Ltd жана АКШда 15 октябрында Харпер басмаканалары тарабынан 14,500 тираж менен чыгарылган. Кыргызстанда орус тилине которулган китептер гана кездешет.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аңгеме Оригинал аталышы Окуя убакыты Кардар Эскертүү
1 Богемия жанжалы A Scandal in Bohemia 1888, март Богемия падышасы Ирэн Адлердин пайда болушу. Кылмыштуулук жок.
2 Сары чачтуулардын биримдиги The Red-Headed League 1890, июнь Жабез Уилсон
3 Ким экендигин аныктоо A Case of Identity 1890 Мэри Сазерлэнд айым Ирэн Адлер эскерилет. Кылмыштуулук жок.
4 Боском өрөөнүнүн сыры The Boscombe Valley Mystery 1888, июнь Элис Тернер Холмс кылмышкерди өкмөткө берген жок.
5 Апельсиндин беш даана уругу The Five Orange Pips 1887, сентябрь Жон Опеншоу Ку-Клукс-Кландын иши изилденет.
6 Эрди жарадар адам The Man with the Twisted Lip 1889, июнь Сент-Клер ханым Кылмыштуулук жок
7 Көк карбункул The Adventure of the Blue Carbuncle 1890, декабрь аягы Кардар жок. Холмс кылмышкерди эркиндикке кое берет.
8 Ала була тасма The Adventure of the Speckled Band 1883, апрель Элен Стоунер айым
9 Инженердин бармак башы The Adventure of the Engineer’s Thumb 1889, жай мезгили Виктор Хадерли мырза Холмс кылмышкерди жазасыз калтырат.
10 Атактуу бойдок The Adventure of the Noble Bachelor 1887, күз мезгили Лорд Роберт Сен-Симон Кылмыштуулук жок.
11 Берилл диадемасы The Adventure of the Beryl Coronet 1886, февраль Александр Держатель Холмс кардардан сыйлык талап кылган аңгемелердин бири.
12 Жездүү бук The Adventure of the Copper Beeches 1890, жаздын башы Виолетта Хантер

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]