Арли Арбуду

Википедия дан
Арбуду Арли Арзасович‎»‎ барагынан багытталды)

Арли Арзасович Арбуду (1917 – 1986) – Советтик Кыргызстандагы дунган жазуучусу.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1917-жылы 20-январда Кыргыз ССРинин Москва районундагы Александровка айылында туулган. 1939-жылы Алматадагы педагогикалык окуу жайын, 1946–1949-жж. ушул эле шаардагы чет тилдер институтун бүтүргөн.

1933-жылы Арли Арбуду Александровкадагы башталлгыч мектепти бүтүрүп, Фрунзедеги педтехникумдун дунган бөлүмүнүн төмөнкү группасына өтөт. Алматыда дунган педагогикалык окуу жайы ачылгандан кийин ошол окуу жайына которулат. Аны бүтүргөндөн кийин Казак ССРинин Жамбыл областындагы Көктерек районундагы Киров атындагы мектепте мугалим , окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Эмгек жолун 1939-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1940–1941-жж. Жамбыл облусунун элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, элге билим берүүнүн Фрунзе облустук бөлүмүнүн инспектору, мугалим, мектептин директору, 1955-жылы Кыргызмамбастын дунган адабияты боюнча редактору, 1957-жылы «Шый-уеди Чи» дунган гезитинин редакциясында эмгектенген.

«Кыздын эңсөөсү» повести дунган тилинде 1958-жылы жарык көргөн. Ал тарабынан дунган тилине Лев Толстойдун, Антон Чеховдун, Александр Куприндин жана бир катар кыргыз жазуучуларынын чыгармалары которулган.

1962-жылдан СССРдин Журналисттер, 1967-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

1940-жылы Кызыл Армияга чакырылып, Ленинград шаарында кызмат өтөйт, Ата Мекендик согуштагы 900 күндүк блокаданын кыйынчылыгын башынан өткөрөт.
1945-жылы аскер кызматынан демоблизацияланып, мугалимдик кызматын аткара баштайт. 1946-жылы сентиябрь айында Алма-тыдагы чет тилдер институтуна окууга өтөт. Аны 1950-жылы бүтүргөндөн кийин Кыргыз ССРинин Пржевальск районундагы Мичурин атындагы орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1952-жылдан 1956-жылга чейин Кант районундагы Милянфан орто мектебинде иштейт. 1956-1967-жылдарда Кыргызмамбаста дунган адабияты боюнча редакторлук кызмат аткарат. 1967-жылдан бери дунган тилинде чыга турган “Шыйуэди Чи” газетасынын маданият бөлүмүн башкарып келе жатат.

Адабияттагы ишмердигин А. Арбуду 1955-жылдарда баштаган. А. Арбуду 1962-жылдан бери СССР журналисттер Союзунун , 1967-жылдан СССР жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А. Арбуду “Эрдик үчүн”, “Ленинградды коргогондугу үчүн”, “Ленинграддын 250 жылдыгы ” медалдары менен сыйланган.

«Эрдик үчүн», «Ленинградды коргогондугу үчүн», «1941–1945-жылдары Экинчи дүйнөлүк согушта Германияны жеңгендиги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн», «1941–1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 30 жылдыгы» медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамоталары менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дунган тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыз кыялы. Повесть, Фрунзе: Кыргызмамбас, 1ё958. 92 бет.
  • Аял дүрөгү. Повесть, Фрунзе: Кыргызмамбас, 1960, 164 бет.
  • Дунган мектептеринин 1-кыласстары үчүн алипе.Фурунзе, Кыргызокуупедмамбас, 1959. 170 бет.
  • Дунган мектептеринин 6-кыласстарынын окуу хрестоматиясы. Фрунзе: Кыргызмамбас,1962.148 бет.
  • Боордоштор. Повесть, Фрунзе: Кыргызмамбас,1962, 148 бет.
  • Ак ниет. Аңгемелер жыйнагы. Фрунзе: “Кыргызстан” басмасы, 1965, 159 бет.
  • Ма уруусунан жаш жигит. Фрунзе: “Кыргызстан” басмасы, 1971, 128 бет.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мечты девушки: Повесть. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1958. – 92 с.
  • Сердце женщины: Повесть. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1960. – 164 с.
  • Родные по крови: Повесть. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1962. – 148 с.
  • Добрая душа: Повесть жана аңгемелер. – Фрунзе: “Кыргызстан” басмасы, 1965. – 150 с.
  • Парень из рода Ма. – Фрунзе: “Кыргызстан” басмасы, 1970. – 127 с.
  • Повесть о Ло Мафу. – Фрунзе: “Кыргызстан” басмасы, 1978. – 118 с.
  • Сердце, отданное одному: Повесть жана аңгемелер. – Фрунзе: “Кыргызстан” басмасы, 1981. – 264 с.
  • Мостик из одного шеста: Повесть жана аңгемелер.– Фрунзе: “Кыргызстан” басмасы, 1985. – 248 с.
  • Любовь дороже всего: Повесть. – Бишкек: Адабият, 1991. – 232 с.

Которгон китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]