Ассирия таануу

Википедия дан

Ассирия таануу - шынаа сымал жазууга негизделген жазма системасын пайдаланышкан байыркы Жакынкы Чыгыш элдеринин тарыхы, маданияты жана тили жөнүндөгү илимдердин комплекси. Алгач аккад тилинин вавилондук жана ассириялык диалекттери, жазуусу жана байыркы Месопотамиянын тарыхы жөнүндөгү илим. Ассирия таануу шумерологияны, хеттологияны, хурритологияны, эламитологияны, урартутаанууну да камтыйт. Ассириятаанууга О. Г. Лейарддын (Англия) жана П. Э. Боттун (Франция) 19-кылымдын орто ченинде Иракта жүргүзгөн изилдөөлөрү, Г. Роулинсондун (Англия) Ирандагы ачкан жаңылыгы (Персия падышасы Дарий 1нин биздин заманга чейинки 521-жылга жакын, Бехустун аскасындагы байыркы фарс элам-вавилон тилиндеги шынаа сымал жазуулары) база болгон. Ассирия таануу 1857-жылы жаңы илим деп таанылган. Э. Хинкс (Ирландия) вавилон-ассирия шынаа сымал жазуусу менен эки башка тилдеги тексттер жазылгандыгын аныктаган. Булардын 1-си семит тобуна кирип, 2-си белгисиз болгон. Кийин ал шумер тили экени аныкталган. Шумер тилин изилдеп үйрөнүү боюнча алгачкы иштер П. Хауптка (АКШ), Ж. Оппертке (Франция) таандык. Э. де Сарзек (Франция) байыркы Лагаш шаарынын урандыларынан (биздин заманга чейинки 3-жылдагы) чыныгы шумер жазууларын жана чарбалык документтерин таап, аларды 1884-1905-жылдары Ассирия таануу Амьо менен Ф. Тюро-Данжен (Франция) чечмелеп, окуп чыгышкан жана Ассирия таануунун бир тармагы катарында шумер таануу илимине негиз салынган; вавилон-ассириялык шынаа сымал жазуусу жана Вавилониянын бардык маданияты шумерден чыккандыгы далилденген. Россияда Ассирия таануу боюнча эмгектер 19-кылымдын 90-жылдарда жарыялана баштаган (В. С. Голенищев, Б. А. Тураев). Орустун 1-ассириологу жана шумерологу М. В. Никольский тарабынан чогултулган шумерге таандык документтерди бастырып чыгарган. 19-кылымда жана 20-кылымдын 1-жарымында Ассирия таануу илимин изилдеп үйрөтүүчү тилдердин катарына урарту, хетт, хуррит, луви, палай жана элам тилдери кошулган. Урартолог Б. Б. Пиотровский археология тармагында да ийгиликтерге жетишкен. Санкт-Петербург, Тбилиси, Ереван университтери Ассирия таануу илимин иликтөө борбору болуп калган. Ассирия таануу жөнүндөгү макалалар россиялык «Вестник древней истории» (1937-жылдан чыгат), «Кавказско-ближневосточный сборник», ошондой эле чет өлкөлүк бир нече атайын Ассирия таануу маселелерине арналган журналдарда жарыяланып турат. Ассирия таануунун чет мамлекеттердеги негизги борборлору Чикаго (Чыгыш университети), Москва (Россия ИАнын Чыгыш таануу институту), Санкт-Петербург (Эрмитаж), Багдад (Багдад музейи), Рим (Папанын библиялык институту), Стамбул (Стамбул музейи), Анкара, Берлин, Мюнхен, Гейделберг, Прага жана башкалар шаарларда жайгашкан. Кийинки жылдарда Ассирия таанууга Ирактын илимпоздору да өз салымдарын кошууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1