Ботаника (βοτανικός) — «Өсүмдүктөргө тиешелүү», (βοτάνη) деген сөздөн — «чөп, өсүмдүк» дегенди түшүндүрөт, б.а. Ботаника — Өсүмдүктөрдүн анатомиялык, морфологиялык өзгөчөлүктөрүн окутуучу илим.
- Латынча аталышы - juniperus, кээ бир булактарда *joini-parus* «бүчүр байлоо», ал эми кельт сөзүнөн Jeneprus — «саюучу» дегенди түшүндүрөт. Бул жалбырактарынын ийне сымал болушу менен түшүндүрүлөт.
Таралышы жана экологиясы -
Бул ууруга киргендер Тұндұк жарым шарда, Арктикадан тарта субтропикалык тоолу аймактарга чейин таралышкан. Бир гана Африкада өскөн батыш-африка арчасы (Juniperus procera), 18° түштүктө байырлайт. Көпчүлүк түрлөрү майда ареалдарды түзүшүп тоолу өлкөлөрдүн тоо системаларында бири-бирин толуктап өсұп келишет. Баарыбызга белгилүү болгон кадимки арча — Juniperus communis, чоң ареалды ээлейт.
Дарак сымал арчалар, бийиктиги 10—15 м жетет. Мындай арчалар чакан токойлорду түзүп келишет. Буларды көбүнчө Борбордук Азиядан (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан ж.б.) жана кургак чөлкөмдүү Мексикадан, ошондой эле Түштүк Американын түштүк бөлүгүнөн жолуктурса болот. Арчанын башка түрлөрү майда бадалчалар болуп саналышат жана тоо этектерде чакан токойчолорду түзүп өсүшөт. Бойлору кичине болгон жайылып өскөн арчаларды тоо-таштуу жайлардан кезиктиребиз. Булар көбүнчө токойлодон жогору жайланышып аска тектүү кургак жайларда өсүшөт.
Арчалардын баардык түрлөрү күнөстүү жайларды сүйүүчү өсүмдүктөр, көпчүлүгү субстрат тандабайт жана ысыкка, туздуулукка, минералдык заттардын жетишсиздигине чыдамдуу келишет. Суукка чыдамдуулугу боюнча арчалар жогору турушат, кээ бир түрлөрү арктикалык зонада да өсүшөт.(калганын окуу...)
Сиз билесизби...
Орусия флорасын изилдеген эң биринчи окумуштуу, англиялык натуралист жана саякатчы Джон Традескант улук (1570-1638) болгон.
Швед 100 кронунун бир жак бетинде, белгилүү швед натуралисти Карл Линнейдин (1707—1778) портрети, ал эми экинчи жагында болсо аарынын, гүлдү чаңдаштырып жаткан сүрөтү бар.
Эгерде Сиз ботаникалык кесиптин ээси болсоңуз анда туура багытта бара жатасыз. Сиздин жардам бизге керек. Ботаника порталынын өнүгүшү Сиздин колдо. Өз макалаңызды кыргыз тилиндеги жападан жалгыз Ботаника порталына жайгаштырыңыз. Же болбосо эне тилибиздеги илимий макалаларды которууга жардам бериңиз. Учурдагы которууга муктаж болгон макалалалр төмөндөгүлөр:
Эскертүү!!! Шилтемени бассаңыз эле жаңы макала баштоонун бети ачылат, бул оңой эле :)