Атайын карталар

Википедия дан
Археологиялык карта.

Атайын карталар - жалпы географиялык карталарда көрсөтүлбөгөн кээ бир элементтерди (мис, жол катнаш, рельеф) же географиялык жайгашууну жана кубулуштардын (табигый же социалдык-экон.) өнүгүүсүн өзгөчө тан жана толук көрсөтүүчү карталар.

Анда кээ бир элементтер толук эмес, айрымдары такыр эле көрсөтүлбөйт. Атайын карталар негизинен физикалык-географиялык же табигый кубулуштун (геологиялык, геофизикалык, рельефтик, климаттык, гидрологиялык, топурактын, ботан., зоогеографиялык), социалдык экономикалык (калктын, экономикалык, маданий, саясий-админ., тарыхый), техникалык (аэронавигациялык, навигациялык, долбоорлоо) карталарга бөлүнөт. Атайын карталар коюлган максатына ылайык окууга, демонстрациялоого, пропагандалоого, обзордук жана оперативдүү маалымат берүүгө арналып түзүлөт. Атайын карталар ири (1:200000 жана андан ири), орто (1:1000 000 чейинкилер) жана кичине масштабдуу болуп түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.