Ахмед Рашид

Википедия дан

Калып:Илимпоз журналист

Ахмед Рашид (урду тилинде: احمد رشید; туулган жылы: 1948-жыл; туулган жери: Равалпинди) – мурдагы пакистандык коомдук кыймыл мүчөсү; журналист, Ооганстан, Борбордук Азия жана талиптер жөнүндөгү китептердин автору.

Ахмед Рашид Кыргызстандагы сапары маалында. Бишкек, 31.3.2014. Т.Ч.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмед Рашид оболу Малверн коллежин, андан соң Лахордогу мамлекеттик коллежди, анан Британиянын Кембриж шаарында Фитцвильям коллежин аяктаган.

Анан Пакистандын батышында Белужистан тоолуу аймагында жашап, мында Аййуб Хандын жана Йахйа Хандын аскердик режимине каршы куралдуу көтөрүлүш уюштурууга далаалат жасаган.

Көтөрүлүш майнапсыз аяктаган соң, өз өлкөсү тууралуу чыгармалар жаза баштаган.

20 жылдан ашуун убакыт бою ал “Дейли Телеграф” жана “Ыраакы Чыгыш экономикалык сереби” (Far Eastern Economic Review) басылмаларында кабарчы болуп иштеген.

Учурда “Уолл Стрит Жорнэл” (The Wall Street Journal) ж.б. басылмалары үчүн макалалар жазып келет.

Публицист жана ойчул катары ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмед Рашид жана Полин Невилл-Жоунз айым Галифакс эл аралык коопсуздук шеринесинде (2012).

Ахмед Рашид Ооганстандагы, Пакистандагы жана Борбордук Азиядагы турмушту жана талиптер кыймылынын оош-кыйыш жактарын ар тараптуу чагылдырганга умтулган журналист жана жазуучу катары маалым.

Ал АКШ президенти Буштун Ирактагы саясатын кескин сынга алган.

Ооганстандагы аялдардын укугун коргогон кыймылдарга тилектеш.

Ал 2009-2010-жылдары Foreign policy журналы тарабынан дүйнөдөгү 100 ойчулдун тизмесине кирген.

Ахмед Рашид жана Кыргызстан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылдын 28-мартында Ахмед Рашид КыргызстангаРоза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун чакыруусу менен келди.

Аталган фонддон кабарлашкандай, жазуучу Discover Asia долбоорунун алкагында 29-марттан тарта Бишкекте Борбор Азия, Ооганстан аймагындагы коопсуздук маселелери боюнча дарс окуп, жолугушууларды өткөрдү.

Discover Asia - Азиядагы мыкты өнүгүп келаткан өлкөлөрдун тажрыйбасы менен Кыргызстанды тааныштыруу максатын көздөгөн демилге. Анын алкагында буга чейин Бангладеш, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Индия жана Жапонияга арналган жолугушуулар уюштурулган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын үй-бүлөсү бар.

Жубайы жана эки баласы менен Пенжаб аймагындагы Лахор шаарында жашайт.

Айрым чыгармаларынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмед Рашид 2000-жылы жарыялаган “Талиптер: Согушчан ислам, мунайзат жана Борбордук Азиядагы фундаментализм” деген китеби 22 тилге которулган бестселлер болгон. Ал жалпысынан 1,5 миллион нускада жарык көргөн.

  • The Resurgence of Central Asia: Islam or Nationalism?, St. Martin's Press (May 1994). - ISBN 1-85649-131-5.
  • Taliban: Militant Islam, Oil and Fundamentalism in Central Asia, Yale University Press. (March 2000). - ISBN 0-300-08340-8.
  • Jihad: The Rise of Militant Islam in Central Asia, Yale University Press (January 25, 2002). - ISBN 0-300-09345-4. (Hyderabad, Andhra Pradesh: Orient Longman, 2002).
  • Descent into Chaos: The United States and the Failure of Nation Building in Pakistan, Afghanistan, and Central Asia, Viking, 2008. - ISBN 978-0-670-01970-0.
  • Taliban: The Power of Militant Islam in Afghanistan and Beyond, 2nd ed, I.B.Tauris (April 2010). - ISBN 978-1-84885-446-8.
  • Pakistan on the Brink: The Future of America, Pakistan, and Afghanistan, Viking Adult (March 15, 2012). - ISBN 978-0-670-02346-2.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]