Аялдардын билим алуу укугу

Википедия дан

Билим берүү — инсанды, коомду жана мамлекетти ар тараптан өнүктүрүү максатында үзгүлтүксүз, тутумдук тарбиялоо жана окутуу процесси, ал билим алуучулардын жетишкендиктерин мамлекет белгилеген билим берүү деңгээлдери менен баалоо менен коштолот[1]. Билим алуу укугу — адамдын азыркы мезгилдин шарттарында кадыресе жашоо жүргүзүшү үчүн талап кылынган, мамлекет камсыз кылган билимдин, жөндөмдөрдүн жана шыктардын көлөмүнө ээ болуу укугу. Ал ар бир адамдын негизги укуктарынын бири болуп саналат. Бул укук Адам укуктарынын жалпы декларациясында жарыяланып[2], Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 13- жана 14-беренелеринде[3], ошондой эле Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын 28- жана 29-беренелеринде бекитилген[4]. Билим алуу укугу - Адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Европалык конвенциянын 1-протоколунда камтылган социалдык укуктардын бири[5], жалгыз гана ушул укукка карата бир катар укук коргоо чараларынын тутуму колдонулуп, мамлекет аны жүзөгө ашыруу үчүн керектүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттенет.

Адам укуктарынын жалпы декларациясы, Билим берүү жаатындагы басмырлоого каршы күрөшүү конвенциясы[6] жана башка эл аралык документтер адамдын билим алуу укугундагы басмырлоого жол берилбеши керек деген принципти карманышат. Билим берүү жаатында теңчилик мамилесин жок кылуу же бузуу максатын көздөгөн же ошого алып келген расасы, терисинин өңү, жынысы, тили, дини, саясий жана башка ишенимдери, улуттук же социалдык теги, экономикалык абалы же туулгандыгы боюнча айырмалоо, бөлүп-жаруу, чектөө же артыкчылык берүү көрүнүштөрүнүн баары басмырлоо деп каралат.

Адам укуктарын илгерилетүүнү көздөгөн эл аралык аракеттердин натыйжасында эркектер менен аялдардын ортосунда юридикалык теңчилик камсыз кылынганы менен, иш жүзүндө теңчилик али жок. Андыктан Аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенция билим берүү жаатында аялдар менен эркектерди тең укуктар менен камсыз кылуу үчүн басмырлоо көрүнүштөрүн жоюу керек деген маселени көтөрөт[7]. Пекин иш-аракеттер платформасы аялдарды негизги билим алуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылып, үзгүлтүксүз окутуп, сабатсыздыгын жоюп жана кесиптик жактан даярдаганы менен, адамдын туруктуу өнүгүүсүнө, ошондой эле жигердүү экономикалык өсүүгө багытталат.

Адам укуктары менен эркиндиктери төмөнкү үч багытта камсыз кылынат. Биринчиси - кепилдик берүү б.а. укукту жүзөгө ашыруу үчүн шарт түзүү; экинчи багыт - инсандын өз субъективдүү укуктарын жүзөгө ашыруу процессин уюштуруу; үчүнчү - укуктар менен эркиндиктерди сактоо жана коргоо. КРнын Конституциясы билим алуу укугуна жана анын корголушуна кепилдик берет (45-берененин 1-бөлүгү). Эч бир адам басмырлоого дуушар болбошу керек (16-берененин 2-бөлүгү), эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды жүзөгө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ (16-берененин 4-бөлүгү).

КРнын Конституциясындагы билим алуу укугу жаатындагы жоболорду өнүктүрүүчү негизги ченемдик акт КРнын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамы эсептелет[8]. Өлкөдө мамлекеттик билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдөгү жалпы негизги, жалпы жарандар үчүн акысыз, жалпы орто билим берүү, акысыз башталгыч, кесиптик жана, сынактын негизинде, кесиптик орто билим берүү, жогорку кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү үчүн билим берүү тутуму жана бардык керектүү социалдык-экономикалык жана укуктук шарттар түзүлгөн. Билим берүү уюмунун негизги принциптеринин бири Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын сапаттуу билим алууда бирдей укуктарга ээ болуусу.

Билим берүү жаатындагы Негизги мыйзамдын ченемдик жоболору башка атайын улуттук мыйзамдары, ошондой эле башка ченемдик укуктук актылары менен толукталат: Төмөнкү КРнын мыйзамдары: 1999-жылдын 26-ноябрындагы №129 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө", 1997-жылдын 3-мартындагы №12 "Уруксаттамалоо жөнүндө"; Төмөнкү КРнын Өкмөтүнүн токтомдору: 2014-жылдын 21-июлундагы №403 "КРда мектепте билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө"; 2011-жылдын 16-мартындагы №174 КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген "Билим берүү уюмдарын уруксаттамалоо, аттестациялоо жана аккредитациялоо жөнүндө жобо" ж.б. Учурда "Кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү жөнүндө", "Негизги орто билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" мыйзамдардын долбоорлору иштелип чыкты.

Жарандардын билим алууга болгон конституциялык укугун тармактык жана учурдагы мыйзамдардын негизинде өнүктүрүү жана конкреттештирүү - аны иш жүзүндө жүзөгө ашыруунун кыйла маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. 2012-2020-жж. карата Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын максаты[9] (БӨС) - эркектер менен аялдардын бирдей укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн эске алып билим берүү тутумун андан ары өнүктүрүү[10].

Ошентип, Кыргыз Республикасында адамдын, ошондой эле аялдардын билим алуу укугун жүзөгө ашыруу үчүн бардык шарттар бар десек болот. Бирок орто билим (10-11-класстар) алып жаткан балдардын саны азайгандан азаюуда. Ушул жерден баса белгилей кетүүчү нерсе, толук орто билим алып жаткан кыздардын саны эркек балдарга салыштырмалуу кескин азаюуда. Ушундай эле көрүнүш кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде да байкалат. Кесиптик башталгыч жана орто билим берүү тармагында аялдардын азайышы кооптондурбай койбойт. Мындай көрүнүштүн натыйжасында аялдардын эмгек акысы жогору болгон жумуштарга орношуу мүмкүнчүлүгү кыйла чектелет[11].

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Атабекова Н. Кыргыз Республикасында билим алууга болгон конституциялык укук: теория жана практика: автореф. дис. …юрид.илимдердин канд.: 12.00.02. – Бишкек, 2010.
  • 2. 1948-жылдын 10-декабрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 217 А (III) Резолюциясы менен кабыл алынган.
  • 3. Билим берүү тармагындагы гендердик аспект [Электрондук ресурс]. URL: http://www.vevivi.ru/best/Gendernyi-aspekt-v-obrazovanii-ref156509.html
  • 4. 1950-жылдын 4-ноябрындагы адам укуктары менен негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Европалык конвенция.
  • 5. 2003-жылдын 30-апрелиндеги "Билим берүү жөнүндө" КРнын №92 мыйзамы
  • 6. Билим берүү жаатындагы басмырлоого каршы күрөшүү конвенциясы. 1960-жылдын 14-декабрындагы БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы конференциясында кабыл алынган.
  • 7. Аялдар дуушар болгон басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенция. 1978-жылдын 18-декабрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 34/180 Резолюциясы менен кабыл алынган.
  • 8. Баланын укуктары жөнүндө конвенция. 1989-жылдын 20-ноябрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 44/25 Резолюциясы менен кабыл алынган.
  • 9. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт 1966-жылдын 16-декабрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2200А (III) Резолюциясы менен кабыл алынган.
  • 10. Кыргыз Республикасында билим алуу укугун жүзөгө ашыруу боюнча конституциялык кепилдиктер жөнүндө [Электрондук версия]. URL: http://articlekz.com/article/7091 (20.12.2015-ж)
  • 11. Пекин декларациясы менен Пекин иш-аракеттер платформасынын "Пекин +20" аткарылышынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын серептөөсү.
  • 12. Билим алуу укугу / Википедия [Электрондук версия]. URL: https://ru.wikipedia.org/wiki... B8%D0%B5
  • 13. КРда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы. 2012-жылдын 23-мартындагы №201 "Кыргыз Республикасында билим берүү тутумун өнүктүрүүдөгү стратегиялык багыттар жөнүндө" КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Атабекова Н. Конституционное право на образование в Кыргызской Республике: теория и практика: автореф. дис. …юрид.илимдердин канд.: 12.00.02. – Бишкек, 2010.
  2. Адам укуктарынын жалпы декларациясы. 1948-жылдын 10-декабрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 217 А (III) Резолюциясы менен кабыл алынган.
  3. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт 1966-жылдын 16-декабрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2200А (III) Резолюциясы менен кабыл алынган.
  4. Баланын укуктары жөнүндө конвенция. 1989-жылдын 20-ноябрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 44/25 Резолюциясы менен кабыл алынган.
  5. 1950-жылдын 4-ноябрындагы адам укуктары менен негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Европалык конвенция.
  6. Билим берүү жаатындагы басмырлоого каршы күрөшүү конвенциясы. 1960-жылдын 14-декабрындагы БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы конференциясында кабыл алынган.
  7. Аялдар дуушар болгон басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенция. 1978-жылдын 18-декабрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 34/180 Резолюциясы менен кабыл алынган.
  8. 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 "Билим берүү жөнүндө" КРнын мыйзамы
  9. КРда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы. 2012-жылдын 23-мартындагы №201 "Кыргыз Республикасында билим берүү тутумун өнүктүрүүдөгү стратегиялык багыттар жөнүндө" КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген.
  10. КРда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы, II бөлүм, 1-, 2-бөлүк.
  11. Пекин декларациясы менен Пекин иш-аракеттер платформасынын "Пекин +20" аткарылышынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын серептөөсү.