Бака жалбырак

Википедия дан
Бака жалбырак

Бака жалбырак(лат. Plantágo) — көп жылдык чөп өсүмдүк. Жер бетинде кеңири таралган. Кыргызстандын бардык жерлеринде кездешип, айрыкча арык жээктеринде, жол бойлорунда, тоо этектеринде, жайытта өсөт. Жалбырагы дарылык касиетке ээ. Андан плантаглюцид дарысы даярдалып, ичеги-карын оорусунда (гастрит, колит жана башка), кургатылган жалбырактардын маңызы жөтөлгө жана жара оорусунда колдонулат.Элдик медицинада кургатылган жалбыракты чай сыяктуу демдеп, какырык чыгаруучу дары катары, көк жөтөлгө, дем алуу жолдоруна суук тийгеңде, дизентерияда, ич өткөндө кеңири колдонулат. Жай бою өсүп жетилген, бүтүн жалбырактарын сабагы менен чогултуп, көлөкө жерге, үйдүн чатырында кургатуу керек. Кургак жалбыракты (10—15 г) бир стакан кайнак сууга демдеп, суугандан кийин чыпкалап, аш кашык менен күнүнө 5—6 жолу ичсе болот.Тун. жана Туш. жарым шаар алкагында таралган, кээ бир түрлөрү гана тропикте кездешет. Көпчүлүгү көп жылдык чөп, бир жылдыгы да бар, мисалы, лузитан Бака жалбырагы же коён жалбырагы Батыш Жер Ортолук деңиз жээгинде, Батыш Азияда жана Түштук Америкада таралган. Түн. Африка чөлдөрүндө өзгөчө бадал мавритан Бака жалбырагы өсөт. Кыргызстанда өскөн 10 түрү чөп, тамыры чачы жана өзөк. Жалбырагы кезектешип жайгашат. Айрымдарынын сабагы кыска, жерден арад чыгып турат.Тамыр жалбырагы жазы, жарыш тарамыштуу, узун саптуу. Гүлү майда, көрксүз, жашыл, топгүлү башча же машак. Мөмөсү кутуча же жаңгакча. Жол жээгинде, шалбаада, кумдак жерде, боздоңдо өсөт. Маңызынын жана уругунун дарылык касиети бар. Кыргызстандын бардык өрөөндөрүндө, тоолорунда жолугат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8