Мазмунга өтүү

Баклажан

Википедия — ачык энциклопедия
Баклажан

Баклажан (лат. Solanum melongena) — кочкул түстөгү көп жылдык өсүмдүк. Жылуу климатка ыңгайланышкан. Баклажандын мекени — Индия. Индиядан Африкага карай, андан ары 16-кылымда испандар аркылуу Европага жеткен. Тропикалык аймактарда көп жылдык касиетке ээ болсо да, калган климаттык алкактарда бир жылдык гана мүнөзгө ээ.

Санскрит тилинде vatin ganah түрүндө учураса да, кыргыз тилине тажик тилиндеги «باقلجان/боқлаҷон» сөзү аркылуу кирүүсү ыктымал. Фарсча بادنجان, арабча باذنجان, түркчө patlıcan.

Жапайы түрү Ортоңку Чыгыш, Түштүк Азия жана Индияда өсөт. Байыркы санскрит тексттерине таянуу менен, баклажандын мындан 1500 жыл мурда адамдар тарабынан бакчада өстүрүлө баштагандыгын билүүгө болот. Дүйнөнүн башка аймактарына тарашына арабдардын салымы зор. Алар 9-кылымда аны Африкага алып барып өстүрүшкөн. Европалыктар баклажанды алгач ирет 15-кылымдын орто ченинде көрүшкөнү менен, 19-кылымда гана турмуш-тиричилигине кеңири түрдө колдоно башташкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Дүйнөдө баклажан өндүрүү боюнча эң алдыңкы он өлкө – 2009
Өлкө Өндүрүү (Тонна) Белгилер
Кытай КЭР19 026 154F
Индия Индия10 378 000
Мисир1 250 000F
Түркия Түркия816 134
Индонезия449 997F
Ирак Ирак396 155F
Жапония Жапония349 200F
Италия Италия245 300
 Филиппиндер200 942
Испания Испания175 000F
noflag World 35 326 379 A
No symbol = official figure, P = official figure, F = FAO estimate, * = Unofficial/Semi-official/mirror data, C = Calculated figure A = Aggregate (may include official, semi-official or estimates);

Source: Food And Agricultural Organization of United Nations: Economic And Social Department: The Statistical Division Archived 2012-06-19 at the Wayback MachineКалып:Failed verification