Версаль-Вашингтон тутуму
Версаль-Вашингтон тутуму — Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Париж жана Вашингтон конференцияларынын чечимдеринин негизинде калыптанган эл аралык мамилелер системасы. Версаль-Вашингтон системасына Версаль тынчтык келишими (1919) жана ага тыгыз байланыштуу болгон Сен-Жермен тынчтык келишими (1919), Нёйи тынчтык келишими (1919), Севр тынчтык келишими (1920), ошондой эле Вашингтон конференциясында (1921-1922) кабыл алынган келишимдер ж. б. негиз болгон. Эл аралык мамилелердин Версаль-Вашингтон системасы биринчи жолу дүйнөдө коллективдүү коопсуздукту камсыз кылуу, элдерге өз тагдырын өзү чечүү укугун берүү, эл аралык мамилелердин бардык субъектилеринин тең укуктуулугун бекемдөө, ачык дипломатия жүргүзүү принциптерин түзүүгө аракеттенген. Аталган системада эл аралык конфликттерди жөнгө салуу боюнча өзөчө роль Улуттар Лигасына таандык болгон. Бирок аталган принциптер ишке ашырылган эмес, согуштан кийин жеңилген мамлекеттердин, алардын калкынын тагдырын чечүүдө Антантa өлкөлөрүнүн саясаты нааразылыктарды туудуруп, Европада жана Ыраакы Чыгышта мамлекеттердин ортосундагы жаңы чыр-чатактардын келип чыгышын шарттаган. АКШ, СССР (Улуттар Лигасына 1934-жылы кирип, 1939-жылы кайра чыгарылган) жана Германия (1926-жылдан 1934-ж. чейин гана мүчө болгон) сыяктуу өлкөлөр алгач Улуттар Лигасына кирбей калган. Жапония, Германия, Италия, кийинчерээк СССР сыяктуу өлкөлөр дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүнү талап кыла башташкан. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен Версаль-Вашингтон системасы толук кыйраган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4