Википедия:Сомо/1840-50-ж. саясий кырдаал жана Ысык-Көлдук кыргыздардын Орусия букаралыгын таануусу

Википедия дан

1840-50-ж. саясий кырдаал жана Ысык-Көлдук кыргыздардын Россия букаралыгын таануусу.

19-кылымдын 40-жылдары Түндүк Кыргызстанда айрым уруулар саясий жактан биригүүгө,кээ бирлери уруулук-уруктук деңгээлдеги өз алдынчалыкты камсыз кылууга аракет кыла баштаган.Тундук Кыргызстандын чегиндеги саясий биримдикти орнотууга багытталган сарыбагыш манабы Ормон Ниязбек уулунун аракеттери айрым уруу төбөлдөрүнүн сепараттык маанайдагы мудоолору менен коштолгон. Алсак, Ысык-Көл кыргыздары Ормондун хан жарыяланышына жооп кылышып манап Боромбай Бекмурат уулунун бугу уруусунун башчылыгына көтөрүщкөн. Сарыбагыш жана бугу урууларнын бий-манаптарынын өз ара тирешүүсү алардын тышкы саясатына да терең таасирин тийгизген. Ормон хандын мамлкеттик биримдик түзүп, орустар менен мамилени так аныктоо боюнча мудөөлөрүн бугу манаптары колдогон эмес.Анын натыйжасында орус администрациясы бугу кыргыздарды менен тыгызыраак алака күтү саясатын жүргүзүп,бугуларды алгачкылардан кылып Россиянын курамына кабыл алган. 19-кылымдын экинчи жарымындагы Сарыбагыш жана бугу урууларынын бий-манаптарынын бир нече жылга созулган ич ара тирешүүсү бугу-сарыбагыш чабышына алып келген. Ормон хан бугуларга каршы согуштук аракеттерди жүргүзүү менен Ысыккөл кыргыздарын өзу курууга ниеттенген хандыкка толук моюн сундурууга умтулган, ошондой эле Ысык-Көл кыргыздарынын бейжооп Россия менен жакындашышы Ормон ханга жакан эмес.Бул чабыштардын биринде,1854-ж. Ормон хан колго түшүп, өлтүрүлгөн. Ормондун кунун кууган сарыбагыштар,Ормондун кол башчысын Төрөгелдинин жана Ормон уулу Умөтаалынын жетекчилиги менен кайра-кайра жортуул уюштуруп, бугулардын тынчын алган.Боромбай баш болгон бугунун бир топ айылы Каркыра менен Текеске чегинет. Ушундай коогаландуу шартта бугунун баш манабы Боромбай кыргындан кутулуунун бирден-бир ылаажысы –Россиянын букаралыгына өтүү деген бүтүмгө келет.Бул максат менен манап Качыбек Шераалы уулу баштаган бугунун элчилиги 1854-ж. 26-сентябрда Батыш-Сибирь генерал-губернаторлугунун борбору Омск шаарына барышкан жана 1855-ж. 17-январда Омскидеги ак сарайда өз элинин ишенимдүү өкүлү катары Качыбек Шераалы уулу Россиянын карамагына өткөндүгү жёө куран кармап ант берген.Ысык-Көл кыргыздарынын Россияга расмий түрдө кошулушу кыргыздардын тарыхында маанилүү окуя катары бааланат.Ушул окуядан кийин бугу менен сарыбагыш урууларынын ортосундагы жаңжал басаңдаган.Бирок,эки уруунун чыр-чатагы Түндүк Кыргызстан Россиянын карамагына толук киргизилгенге чейин (1868-ж.)тыйылган эмес.

Маалымат булактары[булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)

Айрым шилтемелер[булагын түзөтүү]