Гаага конференциясы

Википедия дан

Гаага конференциясы (1922) — Генуя конференциясынын (1922) чечими боюнча 15-июндан 19-июлга чейин Гаага шаарында (Нидерланд) өткөн эл аралык финансы-экономикалык конференция.

Ага Генуя конференциясына катышкан (Германиядан башка) 33 мамлекеттин өкүлдөрү чогулган. Конференция капиталисттик мамлекеттердин Совет өлкөсүнө койгон доолорун талкуулап, Советтик Россияга карыз берүү маселесин да карамак болгон. Бирок капиталисттик өлкөлөрдүн өкүлдөрү советтик делегациянын (башчысы М. М. Литвинов) эл ара­лык кызматташуу жөнүндөгү сунушун четке кагып, Советтик Россияга карыз берүүдөн баш тарткан. Алар, тескерисинче, чет элдик капиталисттердин Совет бийлиги мамлекеттин карамагына алган жеке менчиктерин ээлерине кайтаруу жанa падыша өкмөтү менен Убактылуу өкмөттүн карыздарын төлөө талабын койгон. Советтик делегация империалисттердин мындай адилетсиз талаптарын четке каккан. Гаага конференциясы эч кандай чечимге келген эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.