Жазгыч акындар

Википедия дан

Жазгыч акындар – төкмө акындардан жана ырчылардан айырмаланып, өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрүп, элге кол жазма түрүндө таратуучу акындар. Кыргыз адабияты негизинен оозеки түрүндө өнүккөн. Октябрь революциясынын алгачкы жылдарында, башкача айтканда 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында жазгыч акындар белгилүү боло баштаган. Кыргыз адабиятынын тарыхында жазгыч акындардын туңгуч өкүлдөрү Молдо Кылыч Шамыркан уулунун жана Тоголок Молдонун (Байымбет Абдырахманов) ысымдары аталат. Алардын алгачкы чыгармалары кол жазма түрүндө 19-кылымдын 80-жылдары тарала баштаган. 20-кылымдын башында жазгыч акындардын катары Алдаш Молдо, Ысак Шайбеков, Абылкасым Жутакеев, Токторалы Талканбаев, Шамей Токтобаев, Абдыкалык Чоробаев өңдүү көркөм сөз чеберлери менен толукталды. Алар түрдүү тематикадагы, идеялык-көркөмдүк сапаты жагынан ар кыл чыгармаларды калтырышкан. Жазгыч акындар ырларын жаратууда баарыдан мурда элдин оозеки чыгармачылыгына жана аны сактап, өнүктүрүп келген төкмө акын, ырчылардын ырчылык салтына таянышкан. Бул акындар өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрө баштаган мезгилде кыргыздарда басма иши болбогондугуна байланыштуу, жазма адабиятынын өнүккөн салты болгон эмес. Кыргыз эли улуттук жазма адабиятка Октябрь революциясынан кийин гана ээ болду. Ошондуктан жазгыч акындарга элдик оозеки адабият жана төкмө акындардын поэ­тикалык салты бирден бир адабий булак болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Жазгыч акындар төкмө акындар сыяктуу эле эпостордон тартып, чакан лирикалык чыгармаларга чейин айта да, жаза да билишкен. Алардын аткаруусундагы «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, «Жаңыл Мырза», «Мендирман», «Шырдакбек», «Ак Саткын менен Кулмырза» өңдүү поэмалар, жомоктор, анекдоттор, элдик лирикалык ырлардын варианттары бизге келип жетти. Жазгыч акындар элдин көркөм сөз казынасын жыйнап, кагазга түшүрүү менен гана чектелбестен, алардын айрым үлгүлөрүн, салттык түрлөрүн чыгармаларында кеңири пайдалана билишкен, салттык сюжет, мотивдерди жаңы окуялар, жаңы образ, сүрөттөмөлөр менен толуктап, көркөмдөөгө умтулушкан. Андай салттык жанрдагы лирикалык ырлар, жомок, дастандар идеялык, көркөмдүк жагынан алда канча чыңалып, замандын талабы менен үндөш өзүнчө көркөм чыгармага айланган. Буга элдик поэмалардын негизинде жаралган Молдо Кылычтын «Буудайык», «Бүркүттүн тою», «Канаттуулар» өңдүү чыгармалары, Тоголок Молдо, Токтораалы Талканбаев, Абылкасым Жутакеев, Ысак Шайбеков жана башка акындардын элдик салттык жанрдын негизинде түзгөн кошок, арман, санат, насыят, термелери, сатиралык поэмалары, тамсилдери мисал. Жазгыч акындардын чыгармачылыгындагы оозеки жана жазма адабияттын салттарынын айкалышы аларга өз ырларынын, поэмаларынын социалдык мазмунун тереңдетүүгө, көркөмдүгүн арттырууга, жаңы ыр формаларын, жанрдык түрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк ачты, ошондой эле алар кыргыз адабиятына бараандуу салым кошуу менен улуттук адабияттын тарыхынан көрүнүктүү ордун тапты.


"Ыргап колдо кадамды

Молдо кылып чыгарган,

Караңгыдагы адамды.

Илимий жолго жетелеп,

Тай-тайлатып кадамды.

Түбөлүк кантип унутам,

Нурмолдодой адамды"

(ЖЕҢИЖОК)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1