Мазмунга өтүү

Жайыл кыргыны

Википедия дан

Жайыл кыргыны – болжол менен 1779- же 1780-жылдары Олуя-Ата, Талас аймагында болуп өткөн кандуу окуя. 18-кылымдын 2-жарымындагы Жуңгар хандыгынын жоюлушу ага себеп болуп, Олуя-Атадан (азыркы Тараз) Иле дарыянын жээгине чейинки конуштар кыргыз казак ортосунда талаш маселеге айланган.

Жайыл кыргыны (1779)
Дата

1779 — 1780

Орун

Тараз
 Казакстан
 Кыргызстан

Себеп

Жуңгар хандыгынын ыдыроосу.

Натыйжа

кыргын

Каршы тараптар
Тагай конфедерациясы Казак хандыгы
Колбашчылар
Саяк:
Эсенгул баатыр
Качыке баатыр
Садыр баатыр
Солто:
Кебек бий
Момокон баатыр
Жайыл баатыр
Темиржан байбиче
Абылай
Тарап күчтөрү
белгисиз 12.000 аскер
Жоготуулар
белгисиз белгисиз
Негизги макала: Кыргыз-Казак согуштары

1779-1780 согушу (к. Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары), сарыбагыштан Эсенкул баатыр, саяктан Качыке баатыр, солтодон Кебек бийлер кеңешип, Түлөбердини элчи кылып, казактар менен тынч турууга макулдашкан. Бирок, мындай макулдашууга карабастан, солтодон Момокон, Жайыл баатыр, саяктан Садыр баатыр казактарды бир нече жолу чаап, Чолок-Коргон, Сузакка чейин жетишип, ошондой жортуулдардын биринде Абылай хандын жакын адамы (Улуу жүздүн Ботбай уруусундагы Кудайкул тукуму) өлтүрүлгөн. Натыйжада Улуу жүз казактары Абылай хандан жардам сурашканда, ал 12 миң кол менен Түгүшкөн, Олуя-Ата тараптан кыргыздарга катуу чабуул жасаган. Бул чабуулда казактардын колу үчкө бөлүнүп – бир бөлүгү Таластын Капкасына, экинчиси Олуя-Атага аттанып, үчүнчүсү Корготу суусу тарапты чаап, бейкам жатышкан кыргыздар, өзгөчө солто, саруу, кушчу уруулары катуу жабыр тарткан. Садыр баатыр уулу Доскулу менен Капкада колго түшөт. Солто уруусу Корготу суусунун жээгиндеги урушта курчоодо калып, Жамансарт уулу Бөрүбай баштаган азыраак гана бөлүгү кутулуп чыккан. Момокон, Жайыл, анын уулдары Үсөн, Теке, Итике жана Эсиркемиштин уулу Мурат сыяктуу белгилүү баатырлар колго түшүп, Момокон менен Итикеден башкалары өлүм жазасына тартылган. Солто, саруу (көбү колпочтор), кушчу урууларынан көп адамдар кырылган. Бул жөнүндө «эрдигинен солто, эси жогунан колпоч кырылды» деген ылакап сөз калган. Туткунга түшкөндөрдү казактар көчүрүп кетип, алардын урпактары «бай кыргыз» деген ат менен азыркыга чейин Казакстан Республикасында турушат. Жайыл кыргынына байланыштуу Жайыл баатырдын кызы Бегайым кошок кошкон. Бул окуялар белгилүү окумуштуу Ч. Валихановдун да эмгегинде эскерилген.
1846 жылдагы чапкын эрте жазда кыргыз манаптарына (Жантай, Жаңгарач) кат жолдоп, орустарга каршы бир колго биригүүгө чакырган. Кыргыз манаптары кеңешип, «жашы улуу, хандыкты Ормонго бер, калган ишти өзүң бил» деп жооп берген. Бирок казак элчилери кайтып бара жатып, жолдон жылкы уурдаган. Артынан кууган кыргыздар элчилерди кармап, Ормон ханга жеткиришкен. Ормон «булар элчи эмес, уруулар турбайбы» деп, кыргыздар кабыл алган мыйзамга ылайык кулактарын кесип, коё берген. Аны шылтоологон Кенесары хан ошондой эле жылдын март-апрель айларында Агыбай менен Букарбай башында турган 3 миң жоокерин кыргыздарга каршы аттандырат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1