Темиржан байбиче

Википедия дан

Темиржан байбиче, Темиржан эне — XVIII кылымда жашаган кыргыздардан чыккан баатыр аял, Жайыл бийдин байбичеси, "Жайыл кыргыны" салгылашынын катышуучусу.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүк жашоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Темиржан бойго жеткенде, күйөөгө узатылып, бирок, жаш келин кезинде жесир калган. Ага карабастан, кийин аны солто уруусунан Коңурбай уулу Жайыл баатыр биринчи никесина алган. Ошол тушта кыргыздарда «Казак кайың саап, кыргыз Ысар-Көлөпкө кирген кез» деп, ал эми казактарда «Актабан шубырынды» деп айтылып, жуңгарлар менен мусулмандардын ортосунда кандуу согуш жүрүп турган. Солто уруусу ал кезде Аксы, Ала-Бука тарапка сүрүлүп барып, Талкан уулу Кошой бийдин (Жайылдын атасынын бир тууганынын) жетекчилигинде Кетмен-Төбө өрөөнүндө бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө бел байлап жаткан учуру болгон.

Жайыл баатыр менен Темиржан үйлөнгөндөн кийин, алар Асан, Үсөн жана Теке деген уулдарды көрүшкөн жана уулдарын жоокердик дем менен тарбиялашкан. 1750-60-жылдары Жайыл бий жалпы солто уруусунун башчысы да, аркалык кыргыздардын чоң бийи да болгон. Ошондо Темиржан анын эң жакын кеңешчиси жана жардамчысы боло алган. Бий сапарга кеткенде, уруу-журт ичиндеги ар кандай саясий, социалдык, экономикалык көйгөйлөр боюнча эл Темиржан байбичеге кайрылып турушкан.

Кийинчерээк Жайыл баатыр Айкан деген экинчи аялына үйлөнүп, андан Итике деген уулдуу, Бегимжан жана Канымжан деген кыздуу болгон. Мындай чоң үй-бүлөнү тарбиялоо жана үй чарбасын башкаруу ишин байбиче катары Темиржан эне тейлеген.

Жайыл кыргыны жана Темиржандын эрдиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жайыл бийдин башкаруу доору боордош элдердин кагылышысууна туш келип, тарыхтын трагедиялуу барактарында жазылып калды. Себеп дегенде, эки кылым бою жуңгарларга каршы бирге үзөңгүлөш болуп келген кыргыздар менен казактардын достугуна доо кеткен эле. Жуңгарларды бир четинен орто азиялыктар сүрүп чыгарышса, экинчи четинен аларды Цин империясы кысымга алып, алтургай манжуулар калмактарга кыргын уюштурушкан болчу. Качып, аман калган калмактардын кээ бирлерин кайра эле кыргыздар менен казактар сактап калышып, өздөрүнө эл кылып кошуп алышкандыгы белгилүү. Бирок, калмак коркунучу жоюлгандан кийин, кыргыздар менен казактар кантип бири-бирине душман боло башташкандагын байкабай калышты. Түндүктө Орусия империясы казактарды өзүнө тартып, түштүктө Цин империясы кыргыздарды өзүнө жакындатып, империялар кичи ээликтерге дос көрүнгөндөй түр көрсөтүшкөндүктөн, боордоштордун бири-бирине болгон мутаждыгы жоголо баштаган эле. Алгач коңшу элден уурулук кылган кылмышкерлер пайда болуп, анан ууруларды өлтүрүү фактылары катталып, андан кийин өлгөн адамдардын урук-журту жортуул баштап, акырында чыр-чатак саясатташып, эки тараптын бийлери чегара тактоо маселесин козгой башташкан.

Эки тарапта тең бул маселени согуштук жол менен чечкиси келген топтун өкүлдөрү күчтүүлүк кылышкандыктан, ошентип, кыргыз-казак согушу башталып кеткен. Жайыл бий жалпы кыргыз бийлерин согушка тартууга аракет кылган, бирок, анын саясатын бардыгы эле колдой беришкен эмес. Аны колдогондордун арасынан Арзымат уулу Эр Садыр анын эң жакын тарапташы болгон. Бул убакта Жайылдын өз уулдары Асан, Үсөн, Теке жана Итике эр жетип калышкандыктан, алар да бул согушта өз күчтөрүн сынай башташкан. Тарыхчы Д.Сапаралиевдин изилдөөсүнө караганда, ошондой беттешүүлөрдүн биринде, 1771-жылы казак элинин башкаруучусу Абылай хан кыргыздарга туткунга түшүп калган, бирок кайра Жайыл бийдин айкөлдүгү менен бошотулган.

1774-жылы Абылай хан казак баатырларынын көпчүлүгүн бириктирип, көп аскер жыйнап, кыргыздарга каршы жортуулга келген. Жолдон Абылайдын кошууну экиге бөлүнүп, бирөөсү Чүй өрөөнүнө, экинчиси Талас тарапка багыт алгандыгы жөнүндө кабар келгенде, бирөөсүн Жайыл бий өзү тосуп, экинчи бөлүгүн Эр Садыр тосуп чыкмай болгон. Аңгыча, салгылаш башталып, капыстан каптан келген калың колго каршы Жайыл баштаган солто уруусунун жоокерлери туруштук бере албай калгандыктан, айрым кыргыз жоокерлери согуш майданынан качуу үчүн четтей башташкан. Бирок, андай ниети барларды орто жолдон Темиржан байбиче тосуп чыгып, өзүнүн ак жоолугун аркан менен керип байлатып, кыз-келиндерди куралдандырып, согуш майданына алып чыккан. Темиржан эне мунусу менен кыргыз эркектерине кылычтын мизинде, найзанын учунда гана өлүү жарашарын эскерткен.

Жакындардан айрылуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жайыл бий ошол салгылашта пайгамбар жашына жеткенине карабастан, устундай болгон найзасын чимирилтип, согушка үйрөтүлгөн тулпарын ойнотуп, жанына жологондордун далайын сулата согушкан. Анын уулу Теке баатыр аскердин бир канатын, дагы бир уулу Үсөн баатыр экинчи канатын жетектесе, Итике деген кенже уулу аларды ок жана ат менен камсыздап, мергенчилик өнөрү аркылуу атасын коргоо менен алектенген. Көптөгөн курчоо аракеттеринен кутулуп чыгып, Жайыл баатыр түз эле Абылайга жетүүгө кайра-кайра аракет жасады. Акырында алдан-күчтөн тайгандан кийин гана Абылай жекеге чыгып, Жайылды туткундай алган. Бир элдин кошуунуна каршы бир уруунун жоокерлери туруштук берген салгылашта кыргыздар аздык кылып, жеңилип, Жайыл бий өз уулдары жана жоокерлери менен кошо туткунга түшүп калышкан. Абылай хан туткундалган кыргыз жоокерлерин өлтүртмөк болгондо, Каманбай деген казак баатыры ортого түшүп, Жайылдын уулдарына жан соога сураган дешет. Бирок, Абылай ал уулдардын бирөөнү гана бошоторун айтат. Темиржан эненин тарбиясын көргөн уулдар ошондо атасынын бошотулуусун каалашат. Бирок, Жайыл бий 13 жашар Итике деген кенже уулунун азаттыгын сураган экен. Ал эми Жайылдын тууганы болгон Момокон баатырды казактардан Жоогач деген баатыр досу сурап алып, аман алып калган. Калган бардык туткун жоокерлер Жайыл бий менен кошо өлүмгө тике карап, тагдырга моюн сунушкан.

Бул окуя тарыхта "Жайыл кыргыны" деп аталып, элдин эсинде сакталып келет. Жайылдын кызы Бегимжан да сөзмөр, акылдуу болгондуктан, анын дипломатиялык аракеттеринин натыйжасында атасы Жайыл баатырдын, бир туугандары Үсөндүн жана Теке баатырлардын сөөктөрүн сурап алышып, тиешелүү жөрөлгө менен Мерке жактан жерге узатышкан дешет.

Кыргындан кийинки турмушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Жайыл кыргыны» Темиржан байбиче үчүн чоң жоготуу, чоң сыноо болгон, анткени ал өзүнүн эң жакын адамдарынан — жолдошу Жайыл баатырдан, уулдары Үсөн, Текеден бир заматта айрылган. Ошондон кийин эрдиги үчүн Темиржан эне эл тарабынан «баатыр» деген атакка конгон. Мындан кийин да, анын кайратына кайрат кошулуп, ал өз неберелерин да баатыр кылып тарбиялоону уланта берген. Темиржан эне менен анын уулу Асан баатырдын жаткан жерлери Чүй өрөөнүнүн Чоң-Кайыңды деген жеринде экендигин урпактары айтып, эскерип келишет.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]