Жардам:Визуалдык редактор менен сүрөттөргө киришүү/2

Википедия дан

Киришүү
Википедияга сүрөттөрдү кошуу

Сүрөттөрдү жүктөө
Вики Казына

Сүрөттөрдү киргизүү
Миң сөзгө арзыйт

Деталдарды түзөтүү
Мен эмнени карап жатам?

Галереялар
Чоң сүрөт топтомдору үчүн

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөн нерселериңизди карап чыгуу



Викиказынадагы сүрөттөрдү википедиянын ар кандай тилдик версияларында, ошондой эле википедиянын бир тууган долбоорлорунда колдонсо болот.

Жаңы сүрөттү жүктөө үчүн, алгач макаланын башында "оңдоо" баскычын чыкылдатып, визуалдык редакторду жандырыңыз.

Куралдар тилкеси пайда болгондон кийин, киргизүү менюсун чыкылдатып, "Сүрөттөр жана медиа" параметрин тандаңыз. Бул сүрөттөрдү жүктөөгө жана колдонууга мүмкүндүк берген диалог кутучасын ачат.


"Жүктөө" өтмөгүн чыкылдатып, компьютериңиздеги сүрөттү тандаңыз (файлдын атын териңиз же сүрөттү кутуга сүйрөңүз).

Сүрөттү башка баракта колдонгусу келген башка бирөө бул сүрөт эмне жөнүндө экенин түшүнүшү үчүн сыпаттама кошуу керек. Бул сыпаттама сиз макалада колдонгондон да деталдуураак болушу мүмкүн, анткени, ал жөн гана викиказынадагы сүрөт менен сакталат. Ошондой эле сүрөттү табууга жардам берүү үчүн категорияларды кошсоңуз жакшы болот.

"Сактоо" баскычын бассаңыз, жаңы сүрөтүңүздү викиказына сайтына жүктөп, андан соң макалага киргизет!


Маанилүү эскертүү: Викиказынадагы сүрөттөр жүктөөчүдөн башка эч кимдин автордук укугу менен корголбошу керек жана алар жүктөлүп берилгенде, алар кимдир бирөөнүн колдонуусу үчүн акысыз болуп калат (Creative Commons лицензиясынын негизинде). Эгерде сиз сүрөткө автордук укукка ээ болбосоңуз, бирок аны жүктөө "адилеттүү колдонуу" болот деп ойлосоңуз, анда сүрөт википедияда эмес, Файлды жүктөө чебери аркылуу сакталышы керек. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Булак редактору аркылуу сүрөттөргө киришүүнү караңыз.