Жардам:Визуалдык редактор менен шилтемелерге киришүү/2

Википедия дан

Текшеримдүүлүк
Эмне үчүн шилтемелер маанилүү?

Шилтемелерди кошуу
Автоматтык түрдө же кол менен кошуу

Учурдагы шилтемелерди түзөтүү
Ар дайым жакшыртуу үчүн орун

Шилтемелерди кайра колдонуу
Кээ бирлери чынында эле пайдалуу

Ишенимдүү булактар
Кайсы булактар ишенимдүү?

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөн нерселериңизди карап чыгуу



Шилтеме киргизүү үчүн, адегенде макаланын жогору жагындагы "оңдоо" баскычын чыкылдатуу менен визуалдык рекдакторду жандырыңыз. Куралдар тилкеси пайда болгондон кийин, шилтемени киргизгиңиз келген жерди басыңыз. Бул баскычты бассаңыз, маалымдамаңыздын чоо-жайын киргизүүгө мүмкүндүк берген диалог терезеси ачылат.

Жаңы шилтемени түзүүнүн эки жөнөкөй жолу бар: толугу менен автоматтык (жөн гана веб-URL киргизүү менен) же калыптарды толтуруу менен кол менен түзүү (бул жерде ар бир маалыматты өзүнчө кошосуз).


Автоматтык вариант эң оңой. Эгерде сиз жөн гана веб-сайттын URL дарегин киргизип, "Жасатуу" баскычын чыкылдатсаңыз, википедия көбүнчө шилтеме цитатасын автоматтык түрдө форматтай алат. Андан кийин жараткан цитатаны карап көрүңүз. Аны кабыл алуу үчүн, "Киргизүү" баскычын чыкылдатыңыз. Сиз андан кийин, "Түзөтүү" баскычын баскан соң бир нерсе туура эмес болсо, анда жарыяланган күнү сыяктуу маалыматтарды өзгөртө аласыз.

Шилтеме жөнүндө маалыматты кол менен киргизүү үчүн диалог кутучасынын "Кол менен" өтмөгүн басыңыз. Андан кийин сиз шилтеменин кайсы түрүн кошкуңуз келгенин тандап, мүмкүн болушунча көбүрөөк талааларды («параметрлер») толтуруңуз (Эскертүү: даталар, дарек, толук маалымат болушу керек).

Кээде сиз кошкуңуз келген шилтеме ушул категориялардын бирине кирбейт (мисалы: сөз жазгыңыз келет). Бул учурда, сиз "негизги форманы" колдонуп, маалыматты толугу менен кол менен киргизе аласыз. (Бул учурда вики коддоо аркылуу шилтеме берүү жеңилирээк.)